Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
09 июн 2017

2017 жылынын кулжа айынын 02 № 23

“АЧЖМФ жерлерин колдонуунун перспективдүү планын
бекитүү жөнүндө”

Беловодский айылдык кеңешинин АЧЖМФ жерлерин колдонуунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө жана АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Беловодский аылдык кеңешинин сессиясы, -


ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1.Беловодский айылдык аймагынын Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин өзгөрүүлөрдү жана толуктоолордуу эске алуу менен колдонуунун перспективдүү планы бекитилсин.

2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.

Беловодский айылдык кеңештин
төрагасы: Т.Конушбаев


Чүй облусунун
Москва районунун
Беловодский айылдык аймагынын
АЧЖМФ Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун
жерлерин колдонуу боюнча
ПЕРСПЕКТИВҮҮ ПЛАНЫ














Беловодское айылы – 2017 жыл


Мазмуну
Кириш бөлүгү

I –БӨЛҮК. Беловодский айылдык аймагынын жерлеринин жалпы
курамы (4-6 бет).

1. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун
жерлеринин курамы (АЧЖМФ).

2. АЧЖМФ жерлерин колдонуу.

3. АЧЖМФ колдонулбаган же жарым жартылай колдонулган АЧЖМФ жерлери.

4. Калк конуштарына кеңейтүү резервделген АЧЖМФ жер участоктору

5. АЧЖМФ жерлерин колдонууда керектөө

II БӨЛҮК. АЧЖМФ жер-пландоочу зоналары (6-9 бет.)

1. АЧЖМФ экономикалык жагымдуу жерлери.

2. Жерлердин абалын жакшыртуу үчүн инвесицияны талап кылган АЧЖМФ жерлеринин зонасы.

3. АЧЖМФ куюлбаган жерлеринин зонасы.

III БӨЛҮК. АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү.(9-17 бет).

1. Жалпы жоболор.

1.1. Аукцион жолу менен ижарага берилген АЧЖМФ жер участоктору.

1.2. Конкурс жолу менен ижарага берилген АЧЖМФ жер участоктору.

1.3. Түз жол менен ижарага берилген АЧЖМФ жер участоктору.

1.4. Социалдык –багытталган АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү.

1.5. Куюлбаган АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү.

I У БӨЛҮГҮ. Келишим жана келишимди мамлекеттик каттоо.(17-18 бет.)

У БӨЛҮГҮ.Акча каражаттарды бөлүштүрүү (18-19бет.)

6. У 1 БӨЛҮГҮ. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун жерлерин эффективдүү колдонууну көзөмөлүн ишке ашыруучу мамлекттик орган.(19 бет)

1 Тиркеме Ижара келишими
2 Тиркеме АЧЖМФ жер-пландаштырылган зоналары
3 Тиркеме АЧЖМФ жер ижарачыларынын тизмеси

Кириш бөлүгү

Беловодский айыл өкмөтү 1996 жылы тузүлгөн жана Чүй облусунун Москва районунун курамына кирет,Бишкек ш. облусттук борборунан 41 км. аралыгында жайгашкан. Беловодский айыл өкмөтү Садовое,Сретенка,Предтеченка,Первомайское жана Петровка айылдык аймактарынын жерлери менен чектешет.

Беловодский айылдык аймагынын чек арасында эки айыл жайгашкан: Беловодское а. жана Кош-Дөбө а.

2017 жылдын үчтүн айынын 1не калктын саны 23567 кишини, 6906 короо,эркектер -10863, аялдар-12717 түзгөн.

Айыл өкмөтүнүн аймагында 5 орто мектеп,1 Кыргыз Орус лицей,1 Беловодский көмөкчү мектеп интернат, 1 искусство мектеби, 4 бала бакча, 1 аймактык оорукана, 1 психоневрологиялык диспансер,1 ҮМБ, 1 ФАП, 8 стоматологиялык кабинет,15 дарыкана, 2 китепкана, 3 тегирмен,
2 жаналык, 2 дан кырман,1 үй-бүлө кырманы,7 механикалык устакана,12 чарба гараж, 1 жем цехи,
6 УМКС (унаага май куюучу станция), 2 вет.дарыкана, 6 вет. аптека, 4 базар, 103 дүкөн, 23 кафе,
12 чачтарач, 16 тигүү цехи, 2 клуб, мончо, сауна-8.Коллективдик чарбалар-(СК)-4, дыйкан чарбалар-731, Акционердик коомдор-6,ӨКЭУ -1(өкмөткө караштуу эмес уюмдар), урук өстүрүү, уачыл тукум-1;кичи жана орто бизнестин субъекттери-320,7 өнөр жай ишканасы,электркубаттуулук менен камсыздоо 100 %.

Суутүтүк тармагы 105 км,сугаруу тармагы 49 км аралыкта, 5 көпүрө,коллектордук-дренаждык тармак 63,8 км, алардын ичинен: 15,4 –ачык, 48.4 жабык.
Беловодский айлыдык климат зонасынын жайгашылганы субконтиненталдуу,үчтүн айынын учурунда абанын температурасы 0-9 градус Цельсий боюнча,теке айында +25 - +40 градус Цельсий боюнча.

Калктын негизги жумушу соода, мамлекеттик мекемелерде эмгектенүү,мал чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү. Өстүрүлгөндөр: дандардан-буудай,арпа,жүгөрү, техникалык-күн карама, софлор, жашылчалар, картофель, кант кызылчасы, көп жылдык жем чөптөр, жемиштер, жемиш дарактары.


I БӨЛҮК. 1. Беловодский айылдык аймагынын жерлеринин жалпы курамы.

Азыркы убакта Беловодский айылдык аймагынын жалпы территориясы 18508 га. түзөт анын ичинен 8221 га. айыл чарба багытындагы жерлер, калк конушунун жерлери, өнөр жай жерлери, транспорт, коргоо байланыш жана башка багыттагылар 428 га, суу фондунун жерлери 33,10 га, камдоо жерлери 8767 га.түзөт, административдик чек аралардын карамагындагы жерлердин бардыгы 10705 га.

Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун (АЧЖМФ) жерлеринин КУРАМЫ

АЧЖМФ жерлеринин жалпы аянты 1068 га. түзөт, анын ичинен 863 сугат айдоолор 16 га, көп жылдык отургузуулар,чөп чабуулар 83 га.

АЧЖМФ жерлерин колдонуу

2017 жылга 1068 га . АЧЖМФ жерлерин колдонууда анын ичинде сугат айдоолор 863 га,107 га. сугат эмес жерлер,көп жылдык отургузуулар 15 га, чөп чабуулар 83 га. 2017 жылга коммерциялык конкурс аркылуу берилген (аукцион) 1 га. сугат айдоосуна ижара төлөмдүн орточо өлчөмү 5 000 сомду түзөт, андан тышкары жер салыгы 442,0 сомду түзөт,социалдык чегерүүлөр 67,2 сом.Чөп чабууга ижара төлөм 158,0 сомду түзөт,жер салыгы 79,0 сом,социалдык чегерүүлөр 15,0 сом.


Колдонулбаган же жарым жартылай колдонулган ТЖЧМФ жерлери.

2016 жылдан 2017 жылга Беловодский айыл өкмөтүндө колдонулбаган АЧЖМФ жерлер жок.

АЧЖМФ жерлеринен калк конуштарынын кеңейтүүсүнө резервделген жер устоктору

Беловодский айыл өкмөтүндө Кош-Дөбө айылынын кеңейтүүсүнө 26, 8 га Беловодский айылына 40 га резервге алынган. Коюлган жер участогунун өлчөмү 0,10 га чейин.

АЧЖМФ жерлерин колдонууда керектөө

Айыл Чарба Жерлеринин Мамлекеттик Фондунун (АЧЖМФ) жерлеринин ижарасына туруктуу суроо бар.Жерлер ижарадан чыгарылгандан кийин мурунку ижарачыларга жерлерди өзүнүн калыбына келтирип жана аларды ээлебей тургандыгы жөнүндө эскертүүлөр жиберилет,андан кийин аукционду инвестициялык конкурсту өткөрүүгө чейин 30 күн калганда гезитке кулактандыруу берилет.Жер комиссиясы старттык ижара төлөмүн сугат айдоого 1000 сом,сугарылбаган айдоого 300 сом,көп жылдык отургузулгандарга 400 сом коет ошоной эле жер салыгы жана сциалдык төлөмдөр.Айыл өкмөтүндө « аз камсыздуу үй-бүлөлөр жашайт.Аз камсыздуу жана социалдык багыттагы АЧЖМФ жерлерин алууну каалагандар 2017-2022 ж.ж. түз жол менен жер берүү пландаштырылган жер салыгынын баасынын төмөн эмес баа боюнча 1 га сугат айдоосунан алуу мүмкүн (2007 ж.29.06. № 1997-111 Токтомунун 73 беренсине ылайык) –бардыгы 214 га АЧЖМФ айдоо.Берилген арыздардын негизинде аз камсыз үй-бүлөлөргө,асыл тукумдарга, урук өстүрүүлөргө, айыл чарба кооперативдерине, тажрыйбалуу-селекциялык жерлерге 20 % чейин берүү пландаштырылган.

II БӨЛҮК. Жерди пландоо АЧЖМФ зоналары

1. Экономикалык жагымдуу АЧЖМФ жерлеринин зонасы

Зонанын жалпы аянты 772,0 га түзөт анын ичинен 668 га контурунда сугат айдоо:

№ 657-43 га № 665-32,84 № 69-34 га № 32-59 га
№ 727-130 га № 645-77 га №647-26 га № 638-30 га
№ 722-71,32 га № 713-28 га № 653-15 га № 111-13,76 га
№ 713-50 га № 669-38 га №108-21,48 га № 63-5,6 га


Сугарылбаган айдоо 104,36 га контурларда:

№ 779-21 га № 766-7,6 га № 765-11,2 га № 764-1,2 га
№ 750-11,36 га № 65-10 га № 33,41-32 га № 35-10 га

Көп жылдык отургузуулар –746 контурунда -15 га

Чөп чабуу -83 га № Б/К контурунда

- ИЖАРАНЫН КЕЛИШИМИ АЯКТАГАН МӨӨНӨТҮ

2017 жылга -137 га 9 келишим

2018 жылдын баш оона айы-164 га сугат айдоого12 келишим жана 40 га сугарылбаган айдоого 2 келишим

2019 жылдын баш оона айы-105,92 га сугат айдоого 7 келишим жана 31 га сугарылбаган айдоого 2 келишим

2020 баш оона айы-103,68 га сугат айдоого12 келишим жана 30 га сугарылбаган айдоого 2 келишим, 15 га көп жылдык өсүм.,83 га чөп чабуу

2021 жылдын абаш оона айы
-258,08 га сугат айдоосуна 21 келишим жана 27 га сугарылбаган айдоого 4 келишим


ЗОНА БОЮНЧА ПЛАНДАШТЫРЫЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР

2017 ЖЫЛГА:

1. 2017 жылдын баш оона айынын аягында 9 келишимдин ижарасы аяктайт, 97,32, га сугат айдоосун ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү пландаштырылган.
2. Башка АЧЖМФ жерлердин бошотуу учурунда участкаларды ижарага берүү укугун берүү боюнча аукцион өткөрүлсүн.
3. Ижарачы алдын ала кайрылган учурда, колдонуп жаткан мыйзамга ылайык жерди түз жол менен берүү боюнча ижара мөөнөтү узартылат.


2018 ЖЫЛГА

1. 2018 жылдын баш оона айынын аягында 14 келишимдин ижара мөөнөтү аяктайт 134 га сугат айдоонун жана 40 га сугарылбаган айдоонун ижарага берүү боюнча ижараны узартуу жана аукцион өткөрүү пландаштырылган.
2. Ошондой эле ар бир контурдан аукционго чыккан 1 га берилген билдирмелерге ылайык, түз жол аркылуу аз камсыз үй-бүлөлөргө ижарага берилүүсу пландаштырылган.
3. Башка АЧЖМФ жерлер бошогон учурда ИЖАРА УКУГУН БЕРҮҮ ЖАНА БЕРИЛГЕН ЖЕРЛЕРДИ ТҮЗ ЖОЛ МЕНЕН ИЖАРАГА БЕРҮҮ БОЮНЧА АУКЦИОН ӨТКӨРҮЛСҮН

2019 ЖЫЛГА

1. 2019 жылдын баш оона айынын аягында 9 келишимдин ижара мөөнөтү аяктайт 85,68 га сугат айдоо жана 31 га сугарылбаган айдоо боюнча калган жерлерге берилген билдирмелерге ылайык ижара мөөнөтүн узартуу жана аукцион өткөрүү пландаштырылып жатат.
2. Ошондой эле Беловодский айыл өкмөтүнүн аз камсыз жарандарына берилген билдирмелерге ылайык аукционго коюлган сугат айдоосунан 1 га бөлүштүрүлүп берүү пландаштырылган.
3. АЧЖМФ жерлердин пландаштырылган ижара мөөнөтүнөн бошотулган учурда берилген жер участокторуна укуктарын берүү боюнча аукцион өткөрүлсүн.

2020 ЖЫЛГА:

1. 2020 жылдын баш оона айынын аягында 14 келишимдин ижарасы аяктайт 83,68 га сугат айдоо жана 30 га сугарылбаган айдоо боюнча калган жерлерге берилген билдирмелерге ылайык ижараны узартуу жана аукцион өткөрүү пландаштырылган.
2. Ошондой эле аз камсыз жарандарга билдирмелер берилсе аукционго коюлган сугат айдоосунан түз берүү жолу менен 1 га сугат айдоосунан бөлүштүрүлүп берүү пландаштырылган.
3. АЧЖМФ жерлердин пландаштырылган ижара мөөнөтүнөн бошотулган учурда берилген жер участокторуна укук берүү боюнча аукцион өткөрүлсүн.

2021 ЖЫЛГА:

1. 2021 жылдын баш оона айынын аягында 25 келишимдин ижарасы аяктайт 207,08 га сугат айдоо жана 27 га сугарылбаган айдоо боюнча калган жерлерге берилген билдирмелерге ылайык ижараны узартуу жана аукцион өткөрүү пландаштырылган.
2. Ошондой эле аз камсыз жарандарга берилген билдирмелерге аукционго коюлган сугат айдоосунан түз берүү жолу менен 1 га сугат айдоосунан бөлүштүрүлүп берүү пландаштырылган.
3. АЧЖМФ жерлердин пландаштырылган ижара мөөнөтүнөн бошотулган учурда берилген жер участокторуна укуктарын берүү боюнча аукцион өткөрүлсүн.

2. ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН ИНВЕСТИЦИЯ ТАЛАП КЫЛГАН АЧЖМФ ЖЕРЛЕРИНИН ЗОНАСЫ

Бул зонанын жалпы аянты 172,64 га түзөт анын ичинен 23,64 га сугарылбаган айдоо № 626 – 10 га, № 623-8 га, № 81-5,64 га жана 149 га сугат айдоосу : № 236-39 га, № 133-10 га, № 111-10 га, № 106-35 га, № 108-40 га,
№ 69-15 га контурларында

№ 133-10 га, № 106-35 га, 108-40 га, № 69-15 га, № 81-5,64 га контурларындагы сугат жана сугарылбаган айдоолордо камыш өсуп уулу бүлүндүрүүчү химикаттарды колдонуу жолу менен камыштын өскөн жерлерин жок кылуу боюнча инвестициялоону талап кылат.Ошондой эле № 111-10 га камыш менен өсүп кетишинен тышкары талаа сазданганына байланыштуу аймакты кургатуу түрүндө кошумча инвестицияны талап кылат. № 236-39 га контурундагы сугат айдоолорго салык салынган анткени мурун сугаруу насостук станция аркылуу жүргүзүлгөн ал азыркы күндө демонтаждалган,ошондой эле айылдык көрустөнгө трансфформациялоо божомолдоонууда. № 626-10 га жага 23-8 га таштагынан тышкары өзгөчө коркунуч зона болуп саналат, анткени климаттык шарттарга байланыштуу мөндүргө кабылган, ошол үчүн ижарачылар төмөнкү контурларда аз түшум алышат.
Инвестициялык агымдарды тартуу максатында төмөнкү жерлерди конкурстун негизде берүү пландаштырылып жатат.

3. АЧЖМФ ЖЕРЛЕРИНИН КЕРЕКСИЗ ЗОНАСЫ

Беловодский айыл өкмөтүндө керексиз жерлер жок.

III БӨЛҮК. АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү

1. Жалпы жоболор
1. АЧЖМФ жерлери ижарага соода кылуу жана түз жол аркылуу берилет.
2. Соода кылуу аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3. АЧЖМФ жерлери ижарага берүү максатында айыл өкмөтүнүн курамы 11 кишиден турган Жер комиссиясын калыптайт, ага кийинкилер кирет:
. 1 айыл өкмөтүнүн башчысы
. айылдык кеңештен 6 депутат (анын ичинен бир депутат жер комиссиясынын төрагасы)
. Айыл өкмөтүнүн 1 жооптуу катчысы
. Айыл өкмөтүнүн 1 юристи
. Айыл өкмөтүнүн 1 жерге жайгаштыруучусу
. Агрардык өнүгүү башкармалыгынын 1 өкүлү АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү боюнча 2016 жылдын баш оона аягынын 18 Типтик жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ылайык (макулдашуу боюнча)
4. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти Беловодский айылдык кеңеши менен бекитилет.
5. Жер комиссиясы:
- «Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» Мыйзамынын 7 бер. 4 п.ылайык жерди түз жол менен берүү жана ижара келишимин узартуу суроолорун чечет
- лотторду калыптайт,
- старттык өлчөмдү же ижара белгилүү төлөмдүн өлчөмүн коет,
- конкурстун шарттарын аныктайт,
- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн коет,
- лоттордун чек араларын аныктайт,
- ар бир лот боюнча старттык ижара төлөмдүн өлчөмүн коет,
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөттөрүн аныктайт,
- ар бир лот боюнча аукциондун «кадамынын» өлчөмүн коет,
- ижара төлөмдүн формасын жана мөөнөттөрүн аныктайт
- соода кылуу жыйынтыктарынын пртоколуна кол коет,
- Перспективдүү план койгон башка функцияларды ишке ашырат.
6. Соода кылууда талапкер катары катыша албайт:
. – жер комиссиясынын мүчөлөрү
. – аукционист.

Соода кылууну өткөрүү жөнүндө жалпы жобо.

1. Соода кылууда катышуу үчүн физикалык жана юридикалык жактар айыл өкмөтү койгон форма боюнча арыз беришет жана кийинки документтердин тизмесин тапшырышат:
. – аукциондо,конкурста катышуу боюнча арыз,
. – өзүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсүн же өкүлдүн ыйгарым укугун күбөлөндүргөн документ,
. – кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү,
. – жашаган жеринен маалым кат,
. – салык жана ижара боюнча карызы жок жөнүндө (эгерде болсо) маалым кат
. – кепилдик кат же мыйзамга ылайык жер салыгын төлөө жөнүндөгү милдеттенме, АЧЖМФ жерлерин ижарага алуу учурда.
Конкурста катышуу үчүн физикалык жана юридикалык жактар төмөнкү көрсөтүлгөн документтерден тышкары колу бар чапталган конвертте конкурстун шарттары боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришет.
Юридикалык жактар нотариалдуу күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн ошондой эле юридикалык жактын кызыкчылыгын жактаган жактардын ыйгарым укугун аныктаган документтерди тапшырышат.
Сатып алууда катышуу жөнүндө арыз талапкер (арыздануучу) тараптан же ыйгарым укуктуу өкүлдөн берилет.
2. Жер комиссиясынын катчысы келип түшкөн арыздарды кабыл алып жана атайын журналдарга каттайт, ошондой эле 8 п. 3 бөлук менен каралган документтерди. Арыздар жана башка документтерди кабыл алуу соода кылууну өткөрүү мөөнөтүнө чейин беш иш күн калганда токтотулат.
3. (Аукциондун,конкурстун) катчысы жакка соода кылууда катышуунун арызын жана башка документтерди кабыл алгандан кийин мөөнөтү жана каттоо номери коюлган документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө кабарландыруу бериш керек. Документтерди кабыл алуу жана соода кылууда кабыл алынган билдирмени каттоо пунктунда көрсөтүлгөн иретте ишке ашырылат. Катчы кабыл алынган документтерди жер комиссияга кароого берет.
4. Талапкерлердин арыздары жана документтери жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди карап чыгуу жыйынтыктары боюнча жер комиссиясы арыздануучуларды (талапкерлерди) соода кылууда катышуусуна уруксат берүү чечимин кабыл алат, бардык арыздануучулардын (талапкерлердин) тизмегин көрсөткөн протокол түзүлөт.
5. Арыздануучуларга (талапкерлерге) кийинки учурларда кабыл албоо билдирилет:
- соода кылуу жөнүндөгү кулактандырууда көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кетүү боюнча арыз келип түшсө
- арыздануучунун (талапкердин) атынан иштеген ыйгарым укугу жок жак арызды берген учурда
- соода кылуу жөнүндөгү кулактандырууда көрсөтүлгөн тизме боюнча керектүү документтер толук эмес тапшырылса, же тапшырылган документтер туура эмес толтурулса. Кабыл алынбаган арыздар жана документтер арыздануучуга (талапкерге) кабыл алынбагандыгынын себеби жазуу түрүндө көрсөтүлүп кайтарылып берилет.
6. Аукциондо катышуу үчүн кепилдик төлөө аукциондо жер комиссиясы тарабынан 15 -30 % чейинки өлчөмдө бардык 5 жылга 1 га ижара старттык төлөмүнүн өлчөмүнө жараша коюлат.
7. Талапкер сатып алууда бир нече лоттор менен катышкан учурда кепилдик төлөө ар бир лот боюнча киргизилет.
8. Кепилдик төлөөнү төлөө учурунда кепилдик төлөө төлөнгөнү жөнүндө квитанция берилет.
9. Кепилдик төлөө кийинки учурда кайтарылып берилбейт:
. – жеңүүчүнүн соода кылуу протоколунун жыйынтыгына кол коюудан баш тартса,
. - АЧЖМФ жерлери ижара келишимин түзүүдөн баш тартса,
10. Башка учурларда кепилдик төлөө 5 иш күндүн ичинде кайтарылып берилет:
. – соола кылууда катышуудан баш тартуу жөнүндөгү арызды берген күндөн баштап
. – соода кылуу күндүн аяктагандыгынан баштап,
. – соода кылуу болбой калды деп табылган күндөн баштап.
11. Соода кылуунун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзүүдө кепилдик төлөөнүн суммасы ижара төлөмдөргө киргизилет.

1.1. АЧЖМФ жер участокторун аукцион жолу менен ижарага берүү

1. АЧЖМФ жер участкаларын аукцион жолу менен ижарага берүү аукцион аркылуу берилүүчү экономикалык жагымдуу жерлер деп аныкталган Перспективдик планга ылайык жер-пландаштыруу алкагында ишке ашырылат.
2. Аукционго коюлган ар бир жер участогу бөлөк лотко калыптанышы керек.
3. Аукционго коюлган лот кийинки маалыматты камтыган майда-чүйдөсүнөн өйдө жазылыш керек:
. – лоттун номери
. – жер участогунун орун алган жери (контурдун аталышы)
Утастоктун аянты жана гектар түрүндөгү жерлердин курамы
. – ижара төлөмүнүн өлчөмү
. – старттык ижара төлөмүнүн өлчөмү (ошондуктан ижара төлөмдүн өлчөмү жер салыгы өлчөмүнөн 20 % бийик болуш керек)
. – аукциондун «кадамы»
. – ижара төлөмдүн төлөө формасы жана мөөнөтү
. – сервитуттардын болушу же болбоосу
4. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпы жеткиликтүү жерлерде аукцион аркылуу ФПС жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү боюнча маалымат билдирүү жайгаштырылат,анда кийинкилер көрсөтүлөт
. – лоттордун алардын атаандаштарынын жазуусу менен тизмеги
. – аукциондун шарттары, мөөнөтү, өткөрүлгөн жери
. – ар бир лот боюнча старттык ижара төлөмдүн өлчөмү.
. – кепилдик төлөөнүү төлөө өлчөмү жана ирети
. – ижара төлөмдүн формасы жана төлөө мөөнөтү, индексация жөнүндө шарттар
. – ар бир лот боюнча аукцион «кадамы»
. – арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталышынын жана аякташынын мөөнөтү
. – аукционго катышуу үчүн берилген документтердин тизмеги
. – аукцион боюнча суроолорго кошумча маалымат алууга арыздарды кабыл алуунун дареги
. – ар бир лот боюнча жылдык жер салыгынын өлчөмү.
5. Айыл өкмөтү айылдык чогулуштарда,калкты кабардандыра алат, жана массалык маалымат каражаттарында маалыматтык кабардандыруу жарыялайт.
6. Аукциондун «кадамы» аукциондун толук мезгилине жалпы болуп калат.
7. АЧЖМФ жерлерди ижарага берүү боюнча аукционду өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционист дайындалат.
8. Аукцион аукционист тарабынан аталышы, негизги мүнөздөмөсү, лоттун старттык ижара төлөмү жана аукциондун «кадамын» жарыялоодон башталат.
9. Аукциондун катышуучуларына кезектеги бааны жарыялоодон кийин алынган номер коюлган билеттер берилет.
10. Ар бир кийинки баа аукционисттин көз карашы боюнча билетти биринчи алгандын аукциондун «кадамына» кезектеги баанын көбөйүү жолу менен дайындалат.
11. Эгерде кезектеги бааны үч жолку жарыялоодон кийин катышуучулардын бири да өтө бийик баа сунуштабаса, жеңүүчү болуп акыркы бааны сунуштаган катышуучу жарыяланат.
12. Жеңүүчү ошол эле күнү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет. Протоколго ошондой эле аукционист, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдо кийинки маалыматар келтирилет: ижара төлөмдүн өлчөмү, жер участогунун ижарага алуу келишимине кол коюу боюнча жактардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижаранын мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
13. Аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколго кол коюудан баш тартса Жер комиссиясы протоколго кол коюуга экинчи жеңүүчүгө сунуштайт. Эгерде экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколго кол койсо ал жеңүүчү болуп саналат.
14. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколго кол коюлгандан күндөн баштап он иш күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн жана ижарачы-аукциондун жеңүүчүсү ортосунда жер участогун ижарага алуу боюнча келишим түзүлөт.
15. Аукцион кийинки учурда өткөрүлгөн жок деп саналат:
а) эгерде бир катышуучу катышса;
б) эгерде экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыктары жонүндөгү протоколго кол коюудан баш тартса;
в) эгерде аукциондун катышуучуларынын бири да старттык ижара төлөмүн үч жолку жарыясынан кийин билетин көтөрбөсө.
16. Лот боюнча аукцион өткөрүлбөй калганы билинсе бул лот боюнча экинчи ирет аукцион дайындалат.
17. Экинчи аукционду өткөрүүдө Жер комиссиясы старттык ижара төлөмунүн өлчөмүн түшүрүүгө укугу бар, бирок 15 проценттен бийик эмес.
18. Эгерде экинчи ирет өткөрүлгөн соода кылуу өткөрүлгөн жок деп билинсе Жер комиссиясы жер участогун экинчи ирет өткөрүлгөн соода кылуунун катышуучусуна берет.
19. Аукциондо катышуучу талапкерлер жок болгон учурда экинчи ирет өткөрүлгөн аукцион өткөрүлгөн жок деп билинсе Жер комиссиясы жер участогун конкурс аркылуу берүүгө укугу бар.

1.2. АЧЖМФ жер участокторун конкурс өткөрүү аркылуу ижарага берүү

1. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү, жакшыртуу үчүн инвестиция талап кылуучу жер-пландаштыруу алкагында ишке ашырылат.
2. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүүгө конкурс өткөрүү жөнүндө конкурсту өткөрүү мөөнөтүнө чейин 30 күн калганда жалпы жеткиликтүү жерлерде маалыматтык кабардандыруу жүргүзүлөт, анда көрсөтүлөт:
- лоттун номери;
- жер участогунун орун алган жери (контурдун аталышы);
- участоктун аянты жана жердин курамы,гектар түрүндө;
- конкурстун шарттары, анын ичинде ижара төлөмдүн өлчөмү;
- ижара мөөнөтү;
- сервитуттун бары же жогу;
- арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтүнүн башталышы жана аякташы;
- конкурста катышуу үчүн көрсөтүлгөн документтердин тизмеги;
- конкурстун суроолору боюнча кошумча маалыматты алуу боюнча арыздарды кабыл алуу дареги;
3. Жер комиссиясы конкурсту кийинки жол менен өткөрөт:
- конкурстун бир шарты болуп саналган ижара төлөмүнүн өлчөмүн коюу (старттык ижара төлөм аныкталат, жеңүүчү болуп эң жакшы ижара төлөмдүн өлчөмү, ижара төлөмдүн төлөө мөөнөтү сунуштаган катышуучу саналат);
- конкурстун шарттарынын бири болуп саналган ижара төлөмдүн өлчөмү коюлбаса(жазып белгилеп коюу ижара төлөм, жеңүүчү болуп, жер участогун жакшыртуу үчүн эң жакшы инвестициялык милдеттеме сунуштаган катышуучу саналат).Ушуга байланыштуу старттык ижара төлөмдүн өлчөмү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.
4. Конкурс өткөрүлбөй калды деп саналат:
- бир катышуучу катышканда;
- экинчи жеңүүчү ижара келишиминне кол коюудан баш тартса
5. Эгерде конкурс бир лот боюнча өткөрүлбөй калды деп саналса берилген лот боюнча экинчи ирет конкурс дайындалат.
6. Экинчи ирет конкурс откөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
7. Эгерде экинчи ирет болгон конкурс бир катышуучунун себебинен өткөрүлгөн жок деп таанылса ,жер участогу ага экинчи ирет болгон конкурстун шарттары боюнча берилет.
8. Экинчи болгон конкурс катышуучулардын келбегендигинин себебинен өткөрүлгөн жок деп таанылса жер участогу түз берүү жолу менен берилет.

Конкурсту өткөрүү

1. Маалыматтык кабардандыруу койгон убакытта Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусунда берилген билдирмелердин тизмеси жарыяланат.Арыздар (билдирмелер) жок учурунда, Жер комиссиясы абалдын ачылышына чейин конкурсту өткөрүүнү токтотот.
2. Берилген арыздардын тизмеси жарыялагандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусунда билдирмелерди ачуу өткөрүлөт.
3. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү менен добуш берүү жолу аркылуу, жөнөкөй добуштардын көпчүлүгү менен аныкталат, жана андан кийин конкурстун жыйынтыктары эл алдында жарыяланат.
4. Конкурстун жеңүүчүсү болуп Жер комиссиясынын ою боюнча конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу саналат.
5. Добуштар теңелип калса Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
6. Жер комиссиясынын отуруму укуктуу, эгерде анда анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан эки бүтүн үчтөн аз катышса.
7. Эгерде конкурстун шарттары боюнча эки же андан көп катышуучулардын сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, жеңүүчү болуп билдирмени эртерээк берген конкурстун катышуучусу саналат.
8. Конкурсунун жыйынтыктары боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт, анда кийинки мазмундагы маалымат камтылат:
- отурумда катышкан Жер комиссиясынын мүчөлөрүнүн тизмеси;
- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалымат жана алардын сунуштары;
- конкурстун жеңүүчүсү.
9. Протоколго отурумда катышкан Жер комиссиясынын бардык мүчөлөрү жана конкурска катышкан жеңүүчү кол коюшат,протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
10. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколго кол коюлган күндөн он иш күндүн ичинде протоколдун негизинде ижарага берүүчү –айыл өкмөтү жана ижарага алуучу-конкурстун жеңүүчүсү ортосунда келишим түзүлөт.
11. Жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими коюлган мөөнөттө түзүлбөсө Жер комиссиясы тарабынан жер участогунун ижара келишимин түзүүдөн баш тартуу болуп каралат.
12. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тартса Жер комиссиясы ошол эле арыздардан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
13. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тартышса алар экинчи лот боюнча кайра болгон конкурска катыша алышбайт.
1.3. АЧЖМФ жер участокторун түз берүү жолу менен ижарага берүү
1. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин соода кылуудан тышкары субъекттер тарабынан түз сүйлөшүү жолу менен ижарага берүү болущу мүмкүн:
- айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар;
- Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин куюлбаган жерлерин ижарага алууга каалоочулар, жактар.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган өлчөмдөгү урук өстүрүү, асыл тукум, эксперименталдык, тажрыйба-селекциялык чарбалар,сортту сыноо станциялар жана участоктор, айыл чарба кооперативдер;
- социалдык багытталган субъекттер.
2. Айыл өкмөтү РАӨБ го урук өстүрүү, асыл тукум, эксперименталдык, тажрыйба-селекциялык чарбалар,сортту сыноо станциялар жана участоктор, айыл чарба кооперативдерге Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө кабардандыруу жиберет.
3. РАӨБ 14 календардык күндүн ичинде урук өстүрүү, асыл тукум, эксперименталдык, тажрыйба-селекциялык чарбалар,сортту сыноо станциялар жана участоктор, айыл чарба кооперативдерди кат түрүндө жерлер жөнүндө кабардандырат.
4. Урук өстүрүү, асыл тукум, эксперименталдык, тажрыйба-селекциялык чарбалар,сортту сыноо станциялар жана участоктор, айыл чарба кооперативдер 14 календардык күндүн ичинде Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз берүү жолу менен алуу жөнүндө Беловодский айыл окмөтүнө өздөрүнүн сунуштарын кат түрүндө беришет.
5. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз берүү жолу менен алуу жөнүндө кабыл албоо же сунуштарды киргизбөө учурунда, Жер комиссиясы берилен участокторду аукцион же конкурс жолу менен берүүгө укуктуу.
1.3.1. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык-багытталган субъекттерге ижарага берүү
1. Жер участокторун ижарага алууга талап кылган социалдык-багытталган субъекттер (күбөлөндүрүлгөн уставдардын, жоболордун ж.б.) уюштуруучу документтердин көчүрмөлөрүнүн тиркемелери менен айыл өкмөтүнө тапшырышат.
2. Жер комиссиясы арызды жана документтерди карап чыккандан кийин Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага бериле турган социалдык багытындагы субъекттердин тизмесин түзөт.
3. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багытындагы субъекттерге берүүдө ижара төлөм жер салыгы өлчөмүндө коюлат, ижаранын мөөнөтү 5 жылдан өйдө болбош керек.
1.3.2. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун куюлуу жерлерин ижарага берүү.

1. Жер участокторго талап кылган жактар айыл өкмөтүнө арыз тапшырышат.
2. Жер комиссиясы арыздарды карап чыгып жана жерлерди ижарага берүү шарттары боюнча сүйлөшүлөрдү өткөрөт,ошондой эле жергиликтүү кеңеш ижара төлөмдү төлөө боюнча жеңилдиктерди берет.

1 У БӨЛҮГҮ. Келишим жана келишимдин мамлекеттик каттоосу
2.1. Келишим
- Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участогун ижарага (соода кылуу, түз берүү) берүү укугунун формасына карабай айыл өкмөтү ижарачы менен кат түрүндө үч экземплярда, бирдей күчү бар келишим тузөт.
- Ижара келишими боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыздоо үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укугу бар.
- Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү мөөнөтү айыл чарба жылы катары саналат,ал жетинин айынын 1 кеч эмес аякташ керек.
- жер участогунун ижара келишими сот аркылуу күчүн жоготот эгерде ижарачы кат түрүндөгү кийинки бузууларды эскертүү чыккандан кийин 30-күндүк мөөнөттө бузууларды жойбосо:
- ижара келишиминин шарттарын бузуу менен жер участогун колдонуу;
- жер участогун максаттык багыты боюнча колдонуу;
- жердин түшүмдүүлүгүнүн начарлашы;
- келишим менен коюлган төлөм мөөнөттө ижара төлөмдү төлөбөө;
- коюлган ижара келишимине ылайык жер участогуна инвестиция боюнча милдеттемелерди аткарбаса.
- өзүнүн милдеттерин туура аткарган ижарачы, келишимдин мөөнөтү бүткөндө башка жактардын алдында жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө укугу бар.
Ижарачы ижарага берүүчүнү ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө келишим түзүүнү каалаганы жөнүндө кат түрүндө кабардандырууга милдеттүү, эгерде келишимде андай мөөнөт көрсөтүлбөсө анда көрсөтүлгөн пункттагы мөөнөттөн өйдө эмес.
Ижарага берүүчү ижарачыны 15 календардык күндүн ичинде жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүгө макулдугун же макул эместигин кат түрүндө кабардандырууга милдеттүү.
- Жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары жактардын макулдашуусу боюнча өзгөрүлүүсү мүмкүн.
- Эгерде ижарачы ижарага берүүчү жактан 15 календардык күндүн ичинде кат түрүндөгү каршылык жок болсо жер участогу менен колдонгонун уланта берсе, мурунку түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн шарттарында келишим кайта башталган деп саналат.
- Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана ирети, анын ичинен төлөмдүн чегин аныктоону жергиликтүү кеңештер коет.Ушуну менен ижарага берилген жер субарендага өтө албайт.
- ижарага берилген жер участогунун укугу ипотека келишиминин буюму боло албайт.
У БӨЛҮГҮ. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
1. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участокторун түз берүү жана соода кылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар ошондой эле кепилдик түшүүнүн кайтарылбаган суммалары жергиликтүү бюджетке түшөт.
2. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталган жерлерди колдонуу үчүн ижара төлөмдөрдүн суммасынан каражаттардын өлчөмү 30 % түзөт.

У 1 БӨЛҮГҮ.Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин эффективдүү колдонуу боюнча көзөмөлдү ишке ашыруу мамлекеттик орган
1. Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин эффективдүү колдонуу боюнча көзөмөлдү ишке ашыруу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация Министрлиги саналат
2. Айыл өкмөтү квартал сайын Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондуна РАӨБго отчетторду тапшырат.
3. Айыл өкмөтү РАӨБ, Мам.каттоо менен биргеликте комиссия менен:
- Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун куюлбаган жерлеринин өлчөмдөрүн так ар бир контур боюнча өзүнчө айыл өкмөтүнүн кесилишинде такташат, жана алардын өлчөмүн жана жер участогу колдонулбаган убактысын көрсөтүп далилдөөчү документтерди (акттарды) менен түзүү жер участокторунун куюлгандыгынын себебин аныкташат.
- алынган маалыматтардын негизинде Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарба максаттарына пайдаланууга, сугаруу тармактарын, скважиналарды эффективдүү колдонуу, жерлерди колдонууда кармган себептерди жана калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип жатат, конкреттүү өткөрүү үчүн зарыл каражаттардын өлчөмүн аныктоо менен, жергиликтүү каражаттарды жана мамлекеттик бюджетти өзүнчө эсепке алганда.
4. Соода кылуу себеби боюнча физикалык жана юридикалык жактардын арыздары, жерлерди түз сүйлөшүү жолу менен берүү РАӨБ тарабынан каралат, алар айылдык кеңештен арыздарды кароо жана анын компетенциясынын чегинде чечим кабыл алуу үчүн керектүү документтердин көчүрмөсүн талап кылганга укуктары бар же Кыргыз Республикасынын мыйзамы койгон сот иретинде.



№ 1 Тиркеме
Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун
Жер участокторунун ижара
№______ КЕЛИШИМИ

«_____»___________ 2017 ж. Беловодское а.

Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөмүшев Бакыт Токтокадыровичтин атынан, мындан ары «Ижарага берүүчү», бир жагынан, жана __________________________________________________
________________________________________________________________
_________________________________________________________________
мындан ары «Ижарачы», башка жагынан, Келишим кйинкилер жөнундө түзүлгөн:
1. Келишимдин предмети
Ижарага берүүчү Ижарачыга ______ га жер берет, анын ичинде
_____________________________________________________________
айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн, ижарага (_______) жылга, ____________ жылдын жетинин айынын 01 чейин, келишимге тиркелген жер участогунун планында (картада)
2. Ижара төлөм
2.1. Жер участогун колдонгону үчүун, келишимдин 1 п., Ижарачы Иижарага берүүчүгө жыл сайын ижаралык төлөмдү ________ сом өлчөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү келишимдин тартып алынбас болуп саналган бөлүгү болгон графикке ылайык.
2.2. Ижаралык төлөмдү төлөө боюнча милдеттемелер бузулса төлөмдүн ар бир күнүн кечиктирүү суммасын убагында которулбаса Ижарачы 0,5 процент айып пулга кабылат.
2.3. Ижара төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын карата өзгөрөт.бирок бир жылда бир жолу.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы укуктуу:
- ижарага берилген жер участогунда өз алдынча иштөөгө;
- өзүнүн каражатына түшүмдүүлүктү жакшыртуу жана ижарага алынган жер участогунун абалын жакшыртуу боюнча жерди жакшыртуу жана башка жумуштарды өткөрүү;
- жердин түшүмдүүлүгүн көтөрүү жана зыяндарды төлөөгө зыяндын ордун толтурууну алуу,мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн ижара жер участокторун чыгаруу учурунда;
- ижара жер участогундагы чарбалык керектөөлөр үчүн кеңдерди колдонуу;
- ижара жер участогунда коюлган иреттте сугаруу,кургатуу,маданий-техникалык жана жакшыртуу иштерин жүргүзүү;
- 3.2. Ижарачы милдеттүү:
- максаттык багытына ылайык ижара жер участогун эффективдүү колдонуу;
- чарбачылык ишмердүүлүктүн жыйынтыгында ижара жер участогунда жана жакынкы аймактарында экологиялык шарттарынын начарлоосун болтурбоо;
- жерлерди туура колдонуу жана эрозиядан, туздануудан, суу каптоодон, саздангандан, кирдегенден коргоо боюнча ижара жер участогунда иш-чараларды жүргүзүү.;
- башка жер колдоонуучулардын жана жер пайдалануучулардын укуктарын бузбоо,ошондой эле суу, токой жана башка табигый объекттерин колдонуу ирети;
- чарбачылык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында жерлердин сапаты жана экологиялык абалынын начарлоосуна байланыштуу Ижарага берүүчүгө зыянды төлөө;
- жерлерди корго жана колдонуу мамлекеттик көзөмөл органдары Ижарага берүүчүнү участокко эркин киришин камсызлоо;
- жер участокторду жана башка төлөмдөрдү колдонуу үчүн ижара төлөмүн өз убагында төлөө;
- келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийн жер участогун ижарага берүүчүгө келишим өз күчүнө кирүү убактысынан баштап начар эмес абалда кайтарып берүү.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчүнүн укугу бар:
- Ижарачы жерлерди колдонуу жана коргоо боюнча көзөмөл жүргүзүү;
- жакшыртылган, рекультивацияланган,коргоочу токойлордун, эрозияга каршы жана жер участогундагы башка объекттерди колдонууга алууга катышуу;
- Ижарачынын чарбачылык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында жерлердин сапатынын жана экологиялык шарттарын начарлоосунун зыянын толтуруу;
- мыйзамдын өзгөрүү учурунда Ижарачы менен макулдашып келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Ижарачы жүргүзгөн жер, табигатты коргоо мыйзамын жана келишимдин шарттарын бузуу иштерин токтотуу.
4.2. Ижарага берүүчү милдеттүү:
- Ижарачыга жер участогун ________ мөөнөткө келишимдин каттоо убактысынан баштап келишимдин багыты жана шарртарына ылайык абалында.
- Ижарачынын өз алдынча чарбачылык жүргүзүүсүнө керектүү шарртарды түзүү жана жер участогун эффективдүү колдонуусуна тоскоол болбоо;
- Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин абалын көзөмөлдөө;
- Ижарачынын чарбачылык ишмердүүлүгүнө киришпөө, эгерде ал келишимдин шартына каршы болбосо;
- Ижарачы ижаранын мөөнөтү өткөн мөөнөткө чейин өлүп калса келишим анын мурасчысынын бири менен анын арызы боюнча түзүлөт.
- Айыл чарбачылык жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин өздөштүрүү жана жакшыртууга Ижарачынын чыгашаларын толук же жарым жартылай ижара мөөнөтү өткөн убакытта төлөп берүү.
5. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ирети, ошондой эле келишимдин күчүн жок кылуу.
Жер участогунун ижара келишими сот иретинде ижарачы аркылуу 30- күндүк мөөнөттө кат түрүндөгү эскертүү чыкса күчүн жоготуу кийинки бузуулар жөнүндө:
а) ижара келишимдин шарттарын бузуп жер участогу менен колдонуу;
б) максат багытындагы эмес жерди колдонуу;
в) жердин түшүмдү көп берүүчүлүк катмарын бузуу,экологиялык абалдын начарлашына келтирүүчү жер участогун колдонууу шарты;
г) коюлган мөөнөттө ижара төлөмүн жана милдеттүү төлөмүн төлөө.
д) жердин түшүмдүүлүгүнүн начарлашы;
е) Ижарага берүүчүнүн келишиминин шарртарын аткарылбашы;
ж) ижара төлөмүнүн өлчөмүнүн индексациясы жөнүндөгү макулдаштыгы жеткирилбесе.
Келишим эки жактын кат түрүндөгү макулдашуусу боюнча сот аркылуу айыл чарба талаа иштер бүткөндө же мөөнөтү өтүп кетсе өзгөртүлөт же токтотулат.
Фонддун жерлеринин ижара келишими айыл чарба талаа иштеринин башталганына чейин, же түшүмдү жыйноодон кийин күчүн жоготот.
6. Жактардын жоопкерчилиги
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ар бир жак келишимди бузууда жоопкерчиликтүү
7. Талаштарды чечүү ирети
7.1. Келишим боюнча жаралган талаштарды, Жактар сүйлөшүү жол менен чечишет.
7.2. Макулдашууга жетишпесе, талаштар сот иретинде чечилсе.
7.3. Башка шарттар____________________________________________________
7.4. Келишим үч нускада түзүлгөн,бирдей юридикалык күчү бар. Биринчи нускасы ижарага берүүчүдө калат,экинчиси-Ижарачыда,үчүнчүсү Москва районунун кыймылсыз мүлккө каттоо укугу боюнча Башкармалыгында калат.
7.5. Юридикалык даректер жана банктын реквизиттери:
Ижарага берүүчү Ижарачы (толук реквизиттер)
Беловодский айыл __________________________
өкмөтүнүн башчысы __________________________ ___________________ __________________________
____________________ __________________________
____________________
Кол коюулар:
Ижарага берүүчү Ижарачы
____________________ ___________________________
(колу) (колу)
М.О.
Келишим Москва районунун кыймылсыз мүлккө катто укугу боюнча Башкармалыгында катталат.
«______»_____________ 20_______ жыл.
Регистрациялык номер____________________________________
М.О.

КЕЛИШИМГЕ ТӨЛӨӨЧҮ ТӨЛӨМ
№_______ГРАФИГИ
20____Ж. «____»_________
(салык бөлүмү менен түзүлөт)

Жылы Төлөмдөрдүн суммасы жана аталышы Төлөө мөөнөтү


Графикти түзүүгө жооптуу ______________________________
(Аты жөнү)








Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px