“Ысык тамак №2 БОМ» проектин бекитүү жөнүндө”
“Жарандардын добушу жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу Бюджеттик процесс” проекти “№2 БОМ ысык тамак” Швейцариянын Өкмөтү тарабынан каржыланат, проектин бекитүү жөнүндөгү ЖЭӨ боюнча башкы адисин угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жарандардын добушу жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу Бюджеттик процесс” проекти “№2 БОМ ысык тамак” проекттик сунушу бекитилсин. Коомчулуктун салымын 10 % өлчөмүндө жана мониторингдүү топтун курамы бекитилсин.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Беловодский айылдык кеңештин
төрагасы: Т.Конушбаев.