Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
19 авг 2016

Беловодский айылдык аймагында суукетирүү жана сууколдонуу Эрежелери

Беловодский айылдык аймагында
суукетирүү жана сууколдонуу
Эрежелери





Беловодское а.



Беловодский айылдык аймагындасуукетирүү жана сууколдонуу
Эрежелери
1. Жалпы жоболор

2. Суукеректөө объекттерин коммуналдык суукеректөө жана канализация системаларына кошуу

2.1. Техникалык шарттар жана сукеректөө объекттеринин кошулуусунун тартиби

2.2. Суутүтүк-канализациялык тармактар жана башка керектөөчүлөр аркылуу Беловодское а. борбордук суукамсыздоо жана канализация системасына суукеректөө объекттерин кошуу.

2.3. Убактылуу суукеректөө бъекттерин кошуу

2.4. Көчөдөгү суутоптомолор (колонкалар)

2.5. Ишканаларда (уюмдарда) жана үйээлеринде канализацияны колдонуу ирети, көпбатирлүү жана жеке үйлөрдү кошуу менен.

3. Суутүтүк жана канализацияны колдоннууда тараптадын өз ара мамилелери

4. Таза суу жана канализациялык агымдардын эсеп аспаптарын орнотуу жана колдонуу

5. Таза суунун көлөмүн жана канализациялык агышдардын алуусун (ыргытып түшүрүүсүн) эсепке алуу

5.1. Таза сууну эсепке алуу

5.2. Таза суу менен сугаруу жана суунун агып кемиши

5.3. Канализациялык агышдарды эсепке алуу

6. Таза суунун кое берүүсүн (алуу) эсептөө жана агышдарды кабыл алуу

7. Таза суунун жана агышдарды кабыл алуунун чектөө же токтотуу ирети

8. Суутүтүк канализациялык тармактарын сактоо өлчөмү

9. Абоненттин суутүтүк-канализациялык тармагын кармоосу боюнча көзөмөл жүргүзүү

10. Көпбатирлүү үйлөрдүн ички суутүтүк жана канализациялык тармактарын техникалык тейлөөсү

11. Берилген эрежелерди бузуулгандыгына жактардын жоопкерчилиги


-2-

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Беловодское айылында суутүтүк жана канализация менен колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын“Таза суу жөнүндөгү” мыйзамына, Монополиялык ишмердүүлүктү чектетүү,конкуренцияны өнүктүрүү жана коргоо жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндөгү”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү”, “ Жеке менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын калкына коммуналдык тейлөө көрсөтүү Эрежелерине, Кыргыз Республикасындагы турак жай үйлөрдүн жана үй алдындагы жер участокторун кармоонун жана колдонуунун типтик эрежелерине, Кыргыз Республикасындагы кыймылсыз мүлк объекттерин проекттөөгө жана курулушуна укруксаттуу документтерди берүү ирети жөнүндөгү Жобого,Кыргыз Республикасындагы техникалык шарттарды көрсөтүү эрежелерине жана инженердик-техникалык камсыздоо тармагына туташтырууга, ошондой эле курулуш жана санитардык нормаларынын жана эрежелеринин негизине ылайык.

1.2. Эрежелер Беловодское айылынын аймагында колдонулат жана таза суу керектөөчүлөрү арасында мамилелерди жөнгө салат, анын ичинде борбордук канализациялык системасынын пайдалануучулары менен,жана Беловодское айылынын суутүтүк –канализациялык чарбасынын уюму менен-Беловодское айыл өкмөтүнүн астындагы “Таза Айыл” Муниципалдык мекемеси (“Таза Айыл” ММ)

1.3. Берилген эрежелерди колдонуу “Таза Айыл” ММ үчүн милдеттүү болуп саналат,ошондой эле таза суу керектөөчүлөрү жана борбордук канализациялык системасынын пайдалануучулары, мекемелерди жана уюмдарды алардын ведомстволук таандыгына уюмдук-укуктук формасына жана менчик формасына
карабай кошууда, жеке үйлөрдө жана көп кабаттуу уйлөрдө жашаган жарандар

“Таза Айыл” ММ таза суу абоненттерине менчик чек арасындагы жана баланстык буюмдун коопсуздугункепилдейт. Абоненттердин суу менен камсыздоо системасын жана канализацияны колдонуу боюнча коюлган техникалык талаптар туура эмес колдонулса таза суу сапаты начарлап, көлмөлөрдүн жана агым суулардын тазаланышы боюнча технологиялык процесстердин бузулушуна алып келет.

1.4. Учурдагы эрежелердеги колдонуучу негизги терминдер жана аныктамалар.

абонент- керектөөчү, “Таза Айыл” ММ суутүтүк –канализациялык тармактарына кошулган, аны менен келишим түзүлгөн. Керектөөчүлөр турмуштук жана өндүрүштүк болот.Турмуштук керектөөчүлөргө суутүтүк жана канализация турмуштук керектигин канааттандырууүчүн колдонуучу жарандар кирет.Өндүрүштүк керектөөчүлөргө калган керектөөчүлөр кирет,ишкердик менен алектенген жарандар (юридикалык билими жок жактар), жана ишмердүүлүк процессинде ичүүгө жарактуу сууну колдонгондор.

авария-бузулуу же суукамсыздоо системасынын ,канализация же бөлөк турган курулмалардын,жабдуулардын,түзүлмөлөрдүн катардан чыгышына,суукеректөө жана суукетирүү көлөмүнүн токтошуна же басаңдашына алып келет,таза суунун сапатынын начарлашына же айлана чөйрөгө зыян келтирүүсүнө,юридикалык жана физикалык жактардын мүлкүнө жана калктын ден соолугуна.
-3-




авариялык тейлөө- суутүтүк-канализациялык тармагындагы жана курулмаларындагы бузулууларга багытталган оңдоо иштеринин комплекси,суутүтүк-канализациялык иштеринин күтүлбөгөн бузулушунун натыйжасында (өткөрмө түтүгүнүн үзүлүшү, бекиткич-жөндөө түзүлмөлөрдүнбузулушу,канализациянын булганышы жана өтө албастыгы);

вентиляциялык токтомо-канализациялык тармактын вентиляцияга багытталган өткөрмө түтүгү

үй ичиндеги(ички) тармактар-имарат ичинен өткөн жана ичүүгө жарактуу сууну керектөө аспаптаргакамсыз кылган суутүтүк-канализациялык тармак,ошондой эле биринчи тышкы квартал ичиндеги же короодогу кудукка имараттын чегине агымды буруп кетүү;

суу өлчөгүч түйүн-суукамсыздоо объектилери менен керектелүүчү ичүүгө жарактуу сууну эсептөө үчүн багытталган технологиялык бириккен элементтердин комплекси;

квартал ичиндеги (аянт ичиндеги тармак)-суутүтүк боюнча:квартал ичиндеги жолдун узунунан салынган суутүтүк тармагы; канализация боюнча:бөлөк турган имараттардан канализациянын чыгарууларды бириктирген квартал ичинде же аянтта салынган суутүтүк тармагы.

суутүтүк тармак- абоненттерди (субабоненттерди) суу камсыздоо үчүн багытталган өткөрмө түтүктөр жана алардын курулмаларынын системасы;

суукамсыздоо жана канализация системасына кошулуш үчүн курулмалар жана суутүтүк жана канализациялык түзүлмөлөр (суутүтүк киргизүүже канализациялык чыгаруу) – суукамсыздоо системасынан абонент таза суу алуучу же канализация системасына агымдарды түшүрүүчү түзүлмөлөр жана курулмалар;

суукеректөө-абонентердин (субабоненттердин) турмуштук керектигин канаттандыруу үчүн пайдалануучу суу;

суукамсыздоо-абоненттерге таза сууну транспорттоо жана берүү,даярдоо технологиялык процесси;

суубуруу- абоненттерден канализациялык курулмаларды аларга кийинки транспортировка агым сууларды алуусун камсыздоочу технологиялык процесс;

менчик чек арасы же балансттык аспап- суукамсыздоо же канализациялардын жана курулмалардын ээлеринин арасындагы менчик белгиси боюнча системасынын элементтеринин бөлүк сызыгы, чарбалык алып баруу же оперативдик башкаруу;

пайдалануу жоопкерчиликтин чек арасы- суукамсыздоо же канализациялардын (суутүтүк жана канализация тармагындагы жана аларга курулмаларды) канализация же суутүтүк системасынын элементтерин техникалык тейлөө жана пайдаланууга милдет (жоопкерчилиги) белгиси боюнча системасынын элементтеринин бөлүк сызыгы;


-4-
эксплуатациялык жоопкерчиликтин аймагы-эксплуатациялык
жоопкерчиликтин чек арасындагы жана менчик чек арасынын
ортосунда жайгашкан суутүтүк-канализациялык тармагынын
үй ичиндеги (ички) бөлүгү;
канализациялык тармак- агым суулардын (агыштардын) чогулушу жана кетирилиши үчүн коллекторлордун,каналдардын жана курулмалардын өткөрмө түтүк системасы.
жергиликтүү тазалоочу курулмалар-канализация системасына таштоо (кабыл алуу) алдында абоненттин (субабоненттин)агым сууларын тазалоо үчүн арналган курулмалар жана түзүлмөлөр;
суукеректөө (суукетирүү) ченеми – абонентке коюлган жергиликтүү өз алдынча органдары менен берилген (алынган) ичүүгө жарактуу суунун жана агым (түшүүрүлгөн) суулардын белгиленген убакытка коюлган ченемдик көлөмү;
агым суулардын кабыл алуу нормативи – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коюлган түшүрүү нормативи же суукетирүү нормативи, агым суулардын канализация системасына жана анын нормалдуу иштешине кабыл алууга (түшүрүүгө) уруксат берилген көлөмүнүн жана курамынын көрсөткүчтөрү;
ичүүгө жарактуу суу – коммуналдык-турмуштук максатында жана чарбалык-ичүүгө жарактуу үчүн коюлган санитардык эрежелер жана ченемдер менен коюлган,үлгүлөргө жана гигиеналык талаптарга дал келген суу.
түзүлүштүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү же кошулуу үчүн курулмалар-ченелген убакытта берилген режимде эсептелген суу (агым суу) көлөмүн өткөрүү суутүтүгүн киргизүү (канализациялык чыгаруу) мүмкүнчүлүгү;
суудагы заттардын чек-мүмкүндүк концентрациясы – суудагы зыяндуу заттын көлөмү (концентрациясы), аны колдонуу белгилүү убакыт арасында адамдын ден-соолугуна,жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө жагымсыз таасир алып келбейт.
заттардын чек-мүмкүндүк түшүүсү – көзөмөл пунктундагы суунун сапатын нормада камсыздоо максатындагы убакыт бирдигине берилген суу объектинин пунктунда коюлган тартипке ылайык кетирүүгө максималдуу мүмкүнчүлүктөгү агым суулардагы заттардын көлөмү.
профилактикалык карап көрүү- суутүтүк-канализациялык системасын систематикалык карап көрүү,ошондой эле берилген ичүүгө жарактуу суунун параметрлерин текшерүү. Тармактардагы майда ондолбостуктарды жоюу.абонентке таандык курулмалардагы жана тармакардагы оңдолбостуктарды жоюу үчүн абоненттерге буйрук берүү;
уруксаатталган документация- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдүн жергиликтүү кызматы менен макулдашылган камсыздоо (канализация) системасына кошулууга уруксаат берүү,жана “Таза айыл” ММ тарабынан берилген кошулуу үчүн техникалык шарттар;
суукамсыздоо же канализация системасына уруксатсыз кошулуу – техникалык шарттарды бузуу же уруксат документациясыз жасалган кошулуу;
уруксатсыз колдонуу – агым суулардын (агымдардын) кабыл алуу (таштоо) жана сууну жиберүүгө (алууга) келишимдин жоктугунда суукамсыздоо жана канализация системалары менен колдонуу;
лимиттен тышкары суукеректөө –лимиттен тышкары чарбалык-ичүү жана өндүрүш муктаждыкка абоненттин пайдаланган суу көлөмү;
сервитут – башка жактын колдонуусунда же менчигинде болгон жер участогун максаттуу ченемдүү колдонуудагы жактардын укугу
агым суулардын курамы – кирдетүүчү заттардын жана алардын концентрациясын кошууучу,агым суулардын (агымдардын) мүнөздөмөсү;
ченөө куралы (аспап) – нормалуу метрологиялык мүнөздөмөсү баркеректөөчү суу жана (же) түшүрүлгөн агым суулардын (агымдардын) көлөмүн ченөөгө багытталган техникалык каражат;
агым суулар (агымдар) –адамдын чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон суулар,суукамсыздоонун булактарына карабай (ичүүгө жарактуу,техникалык,ысык суу менен камсыздоо,жылуулук менен камсыздоо уюмдардан буу);
субабонент – “Таза айыл” ММ же абонент канализациялык тармагына агымдарды түшүрүп жана абоненттин суутүтүк тармагынан, “Таза Айыл Беловодский водоканал” ММ суу алган,”Таза Айыл” ММ менен суукамсыздоого жана агымдарды түшүрүүгө келишим түзгөн керектөөчү (турмуш тиричилик же өндүрүштүк),
күндөлүк тейлөө–түзүлмөлөрдүн техникалык бузуксуз абалда жана суутүтүк-канализациялык тармагынын кармоого багытталган жана профилактикалык текшерүү жыйынтыктары боюнча ишке ашырылган иженердик-техникалык иш-чаралардын комплекси;
техникалык шарттар–техникалык шарттардын иш мөөнөтүнбилдирүү суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга туташууга кепилдендирүүчү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына курулуш объектилерине туташтыруу үчүн аткарыла турган,негизги ченемдер жана талаптар, туташтырууга уруксаат берилген жүктөө суутүтүк-канализациялык тармактардын жана курулмалардын туташтыруу точкасын аныктоочу документ;
үй ичиндеги суутүтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөө -үй ичиндеги суутүтүк-канализациялык тармагынын жабдууларын күндөлүк жана кырсыктуу тейлөө, профилактикалык карап көрүүнү өзүнө камтыган иш-чаралар комплекси;
туташуу точкасы – жер участогуна же курулуш объектине жакын курулмалары жана түзүлмөлөрү бар сүүтүтүк жана канализация тармактарынын кошулган жери,күч келтирүүнү туташтырууга уруксаат берүүнү камсыздаган,суукетирүү жана суукамсыздоо тармактарына курулуп жаткан (кайра курулуп жаткан) курулуш объектине кошулуу үчүн зарыл
көчөдөгү суутоптомо (колонка)-“Таза Айыл” ММ таандык суутүтүк тармагындагы ичүүгө жарактуу сууну бөлүштүрүү үчүн иштеген жабдуу;

-6-

шартуу-таза суулар – жаан-чачындын жаашынан же кардын ээришинин натыйжасында пайда болгон суулар;
борборлошкон суукамсыздоо системасы –абоненттерге ичүүгө жарактуу сууну бөлүштүрүү,даярдоо,жеткирүү үчүн инженердик курулмалардын комплекси;
борборлошкон канализация системасы- абоненттерден (субабоненттерден) чогултуу үчүн инженердик курулмалардын комплекстүү объекттерине агым суулардын тазаланышы жана бурулуп кетүүсү,ошондой эле агым суулардын чөгүүлөрүн иштетүү;
1.5. Суутүтүк –канализациялык тармактарда менчиктин же баланстык таандыктын чек арасы белгиленет:

1.5.1. Менчик түрүнө карабай көпбатирлүү үйлөр үчүн (ведомстволорго жана турак-жай-курулуш кооперативдерге таандык үйлөрдү чыгарганда):- “Таза Айыл” ММ таандык суутүтүк боюнча менчиктин чек арасы үйдүн фундаментинин тышкы дубалы боюнча орнотулат;-канализация боюнча-үйдөн биринчи турган канализациялык кудуктар,аларга канализациялык чыгаруулар туташтырылган. Канализациялык кудуктар “Таза Айыл” ММ таандык.

1.5.2. Ведомстволорго же турак жай-курулуш кооперативдерге таандык көп батирлүү үйлөр үчүн-тышкы суутүтүк-канализациялык тармактарынын өткөрүү актына ылайык-турак жай үйдүн (турак жай үйлөрдүн тобу) борбордук суутүтүк-канализациялык тармактарга туташтыруу точкасында.

1.5.3. Жеке үйлөр үчүн- шаардык суутүтүк-канализациялык тармактардагы кудуктардаканализацияны туташтыруу жана (же) суутүтүгүнүн оюу жери.

1.5.4. Борборлошкон суукамсыздоо жана канализация системасынын калган колдонуучулары үчүн – суутүтүк-канализациялык тармактын объектисин (ишканасын,имаратын,курулманын) колдонуусун кабыл алуу актына ылайык.
1.6. Беловодское айылынын аймагында бириндеген жарыктарды бургулоого жана колдонууга тыюу салынган ичүүгө жарктуу суукамсыздоо үчүн колдонулган суу астындагы суулуу чектин кирдешинен кутулуу үчүн.

1.7. Коммуналдык канализациялык тармакка бурулуу жана тазалануу үчүн өнөр жай ишканалардан түшкөн агым суулар ПДК жана ПДС талаптарына жооп бериши керек канализация тармактарына агым суулардын өндүрүштүк кабыл алуусу.

Өндүрүштүк агым суулардын борбордук канализацияга кабыл алынышы “Таза Айыл” ММ уруксааты менен коюлат.

1.8. Суутүтүк-канализациялык тармактардын жана курулмалардын жанындагы жер иштерин өндүрүүдө иштерди өндүрүүчү курулмалардын жана тармактардын сакталгандыгын кепилдеп жана сактыкты сактоо зарыл. Иштерди өндүрүүчү же курулуп жаткан объектинин ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү объектинин курулушунун башталышы жөнүндө “Таза Айыл” ММ билдирип коюш керек жана жер иштеринин өндүрүшү башталганга чейин жер астындагы коммуникацияларды көрсөтүү үчүн“Таза Айыл” ММ өкүлүн чакыртышкерек.
1.9. Суутүтүгүн өчүрүүгө байланыштуу курулуш иштерин аткарууда “Таза Айыл” ММ койгон убактысы боюнча иштерди өндүрүү зарыл.

-7-

2. КОММУНАЛДЫК СУУКАМСЫЗДОО ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ СИСТЕМАЛАРЫНА СУУКЕРЕКТӨӨ ОБЪЕКТТЕРИН КОШУУ

2.1. Суукеректөө объекттеринин кошулуу ирети жана техникалык шарттар.

2.1.1. Беловодское айылынын борбордук суукамсыздоо жана канализация системасына туташтырууга техникалык шарттарды берүү Кыргыз Республикасынын инженердик-техникалык тармактарына туташуу ирети жана техникалык шарттарды берүү эрежелерине каралган Жобо, коюлган үлгү аектура органдарынын суроосунун негизинде ишке ашырылат, 2009 жылдын 10.02. №100 “Кыргыз Республикасында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына туташуу ирети жана техникалык шарттарды берүү Эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.

“Таза Айыл” ММ 10 иш күндүн ичинде билдирүүчүнүн суроосун алган мөөнөттөн баштап, суутүтүк жана (же) канализация тармактарына курулуш объектин туташтырууга төлөм жөнүндө маалыматты жана техникалык шарттарды берет жана аныктайт, же техникалык шарттарды берүүдөгү далилденген кабыл албоону берет.

Суралган кубаттуулуктардын туура келбестигин аныктоо кезинде “Таза Айыл” ММ суроо алынган күндөн баштап 3 иш күндүн ичинде суралган кубаттуулуктун туура келбестиги жөнүндө туура келбестиктин себебин көрсөтүүсү менен корутунду берет.

2.1.2. Кошулууга техникалык шарттар 2 жылга берилет, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык,наркы монополияга каршы органы менен макулдашуу боюнча Айылдык Кеңеш менен бекитилет.

Техникалык шарттардын берилиши төлөнүү негизинде ишке ашырылат Кыргыз Республикасынын мызамдарынын талаптарына ылайык,анын баасыАйылдык Кеңеш менен бекитилет монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча.

2.1.3. Суутүтүк-канализациялык тармактарына жана курулмаларына уруксатсыз туташуу техникалык шарттар жана коюлган иретте туташууга келишим түзүү алынбоо уруксаат берилбейт.

Объекттин суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга туташтыруу инженердик-техникалык камсыздоо тармагынын техникалык тейлөө жана туташуу келишимине кол коюлган күндөн баштап ишке ашырылат.

Объекттин суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга туташтыруу төлөө негизинде ишке ашырылат, анын баасыАйылдык Кеңеш менен бекитилет монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча.



-8-








2.1.4.“Таза Айыл” ММ объекттерди Беловодское а. борбордук суукамсыздоо системасына кошууга уруксат берет,бирок агым суулардын борбордук канализация системасына таштоо шартында.Шиленүүлөрдү орнотууга жана колдонууга тыюу салынат.Суукеректөө көлөмү суткасына 1 м3 тиричиликке керек болсо,борбордук канализация объекттен 100 м. алыстыкта жайгашса Москва райондук ЦПЗ жана ГСЭН менен макулдшууда жана агымдарды атайын жабдылган станциясына кетирүү,ал жерде кабыл алынган агым суулардын көлөмү белгиленет.Агымдар өз убагында,толук көлөмдө чыгарылыш керек,жана шаардык суукетирүү системасынын коюлган нормативдерине ылайык болуш керек.

Курулган суутүтүк жана канализациялык тармактардын жана курулмалардын коммуналдык суукамсыздоо системасына жана канализациясына кошулуусуна “Таза Айыл” ММ аткарат же (курулуш уюму,куруучу) “Таза Айыл” ММ өкүлүнүн техникалык көзөмөлүндө.Суутүтүк киргизүүлөрдүн жуулушу жана кошулуусу,канализациялык чыгарууларды кошуу,жеке менчик укугунда керектөөчүгө таандык,керектөөчүнүн эсебинен өндүрүлөт.

2.1.5. Курулуш объектин(кайрадан куруу,перепрофилирование,кайрадан пландаштыруу) суутүтүк жана канализация тармагына кошуу үчүн арыз ээси суутүтүк жана канализациялык тармкты колдонуучу уюмга жиберет,арыз тиркемеси менен:

- суутүтүк жана канализация тармактарына кошулуу техникалык шарттар,проекттик документация жана аткаруу тартуусун (жашырылган иштердин акттары);

- өткөрмө түтүктөрү бекемдигине жана герметикалуулугуна гидравликалык текшерүү акты;

- “Ичүүгө жарактуу суу” СанПин ине ылайык бактериологиялык анализдин маалыматы.Борбордук суукамсыздоо системасынын суусунун сапатына гигиеналык талаптар.

- юридикалык жак үчүн- түзүүчү документтердин көчүрмөсү (юридикалык жактын каттоо жөнүндөгү уставы жана күбөлүгү),арызга кол койгон жактын йгарым укугун далилдөө;

- физикалык жактарга –паспортунун көчүрмөсү;

- суутүтүк жана канализация тармактарына туташууга төлөм жүргүзүлгөндүгүн далилдөөчү документ.

Азыркы документтер суутүтүк жана канализация тышкы тармактарынын объекттерине туташуу жөнүндө далилдөөнү берүү үчүн зарыл жана келишим түзүүгө.

Азэтаждуу турак жай курулуштарга жана көпбатирлүү турак жай үйлөргө тышкы суутүтүк-канализациялык тармактар,курулмалар жана жабдуулар Беловодское а. жеке менчик ээсине муниципалдык менчикке бекер өткөрүлүп берилет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча.

2.1.6. Суутүтүк түзүлмөлөрдүн жана курулмалардын суукамсыздоо системасына кошулуу үчүн колдонуу алдында жеке менчик ээси (ээ) “Таза Айыл” ММ өөкүлдөрүнүн катышуусу менен суунун сапатынан анализдеринин натыйжасын алууга чейин алардын тазалоосун жана дезинфекциясын камсыздайт,ал санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бериш керек,ошол боюнча акттар түзүлөт.

2.1.7.Жаңы курулган же кайрадан курулган суутүтүк түзүлмөлөргө жана курулмаларга ичүүгө жарактуу суунун берилиши “Таза Айыл” ММ келишиминин негизинде ишке ашырылат.

2.1.8.Суукеректөө объекттерин Беловодское а. суукамсыздоо жана борбордук канализация системасына кошууга ичүүгө жарактуу суунун эсептик аспаптарын орнотуусуз тыюу салынат.

2.1.9. “Таза Айыл” ММ абоненттерине ичүүгө жарактуу сууну берүү суроосун жакшы чечиминде абоненттерге шаардык суутүтүктөн ичүүгө жарактуу сууну ичүүгө жана шаардык канализацияга агым сууларды кабыл алуусуна лимит коюлат,техникалык шарттарга ылайык.

Объектти колдонууга берүүдөн кийин суукеректөө көтөрүлгөн учурда ичүүгө жарактуу суу лимиттен артыкча колдонулса ага кошумча төлөм орточо көрсөткүч менен уч жана алты айдын ичинде жүргүзүлөт.Алты ай өткөндөн кийин суукеректөө көбөйсө техникалык шарттарга төлөм жүргүзүлбөйт.Техникалык шарттардын заказчысы “Таза Айыл” ММ төлөмгө эсеп алган күндөн баштап 10 күн аралыгында лимиттен артыкча колдонуусу үчүн төлөшү керек.Техникалык шарттардын заказчысы төлөбөгөн учурда күнүнө 0,3 пайыз өлчөмүндө айып пул төлөп берет.

2.2. Суукеректөө объекттеринин Беловодское а. борбордук суукамсыздоо системасына жана канализациясына кошуу башка керектөөчүлөрдүн суутүтүк-канализациялык тармактарынан.

2.2.1. Суукеректөө объекттеринин Беловодское а. борбордук суукамсыздоо системасына жана канализациясына кошуу башка керектөөчүлөрдүн суутүтүк-канализациялык тармактарынан алардын жазуу макулдугу боюнча өндүрүлөт (өз эрки менен иштелүүчү же зордогон сервитутту орнотуу),суукамсыздоо жана суукетирүү объекттеринин нормалдуу режимин сактоодо,”Таза Айыл” ММ тарабынан берилген техникалык шарттарды бардыгы,ошондой эле ичүүгө жарактуу сууну тапшырууга келишимдер жана “Таза Айыл” ММ агымдарын субабонент менен кабыл алуу.

2.2.2. Абонент “Таза Айыл” ММ жазуу түрүндөгү макулдугу жок болсо субабонентке ичүүгө жарактуу суунун берилишин жана агымдарды кабыл алууну бербөөгө укугу жок.

2.2.3. Суутүтүктүн транзиттик жолун же канализациянын менчик ээсинин аймагында төшөлүшү “Таза Айыл” ММ макулдугу менен же зордогон сервитут менен орнотулат.Суутүтүк жана канализация линияларынын төшөлүш иштери ошондой эле бузулган аббаттоонун калыптанышы кызыккан жактын эсебинен өткөрүлөт.


2.3. Убактылуу суукеректөө объекттеринин кошулушу.

2.3.1. Беловодское а. борбордук суукамсздоо жана канализациясына убактылуу (сезондук) системасына кошулуу (жайкы павильондорду,киоскторду,газдалган суу сатуратор-автоматтарды жана башка соода курулмаларды) Беловодский айыл өкмөтүнүн уруксааттуу документтеринин жанаМосква районунун градостроительство жана архитектура боюнчаБашкармалыгынын негизинде “Таза Айыл” ММ макулдашуусу боюнча.

2.3.2. Убактылуу (сезондук) суукеректөө объекттеринин ээлерине берилген уруксааттуу документтерде Беловодское а. борбордук суукамсыздоо жана канализация системасына кошулуу мөөнөтү көрсөтүлгөн.Жагымсыз учурда объект Беловодское а. борбордук суутүтүк системасынан жана канализациясынан өчүрүлөт.

2.3.3. Убактылуу (сезондук) суукеректөө объекттерин суутандоо суучорго жана өрт өчүрүүчү гидранттары бар кудуктарга кошууга уруксаат берилбейт.

2.3.4. Ичүүгө жарактуу суунун имараттан тышкары турган убактылуу суукеректөө объекттеринеөткөрмө түтүктөрү жердин астынан салынат.
Убактылуу суутүтүк линияларынын шаардык магистралга туташуусу “Таза Айыл” ММ тарабынан же “Таза Айыл” ММ техникалык көзөөлүндөгү объект ээлери менен жүргүзүлөт,билдирмени алган күндөн баштап 10-күндүн ичинде.

2.3.5. Ичүүгө жарактуу сууну берүүчү убактылуу өткөрмө түтүктөрдүн жана канализациялардын түзүлүшү жана колдонуусу объекттерге кызыккан жактардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

2.4. Көчөдөгү суутоптомолор.

2.4.1. Көчөдөгү суутоптомолор (суутандоо сутоптомолор) азэтаждуу курулуш кварталдарда орнотулат.Көчөдөгү суутандоо суутоптомолор “Таза Айыл” ММ же анын уруксаатынан абоненттер менен орнотулат.

2.4.2. Суутандоо суутоптомолордун көчөдөгү орду “Таза Айыл” ММ тарабынан орнотулат,эски суутүтүк тармактарындагы суутандоо суутоптомосунун күч радиусу 150 м ашпаш керек,жаңы күчүнө киргендерге талаптарга ылайык СНиП 2.04.02-84-100 м.

2.4.3. Абонент (ишкана,мекеме,уюм) менчигинде суутандоо суутоптомолору бар болсо суутоптомонун жанында жайгашкан калкка ичүүгө жарактуу сууну колдонууга укук бериш керек.

Бул талап сакталбаса“Таза Айыл” ММ кошулуу точкасын өчүрөт.

2.4.4. Суутандоо суутоптомолордун жанында санитардык-техникалык талаптарга каршы келген идиш жууганга,ич кийимдерди жууп жана чайкаганга,килемдерди, автоунааларды,үй жаныбарларды жууганга,шлангдарды жана түтүктөрдү кошууга тыюу салынат.Бул эрежелерди бузган жактар административдик жоопкерчиликке тартылышат.

2.4.5. Көчөдөгү суутандоо суутоптомолор бузулса “Таза Айыл” ММ маалымдаш керек.


2.4.6. Суутандоо суутоптомолоруна оңдоо иштери алардын ээлери менен ишке ашырылат.



2.4.7. Суутандоо суутоптомолорунан ичүүгө жарактуу сууну колдонгон жарандар жашаган жеринин аралыгына карабастан ичүүгө жарактуу суунун наркын нормаларга ылайык төлөп беришет.Сууколдонууга төлөмдөн эч ким бошотулбайт.

2.5. Ишканаларда (уюмдарда) жана үйлөрдө канализация колдонуу ирети,көпбатирлүү жана жеке үйлөрдү киргизүү менен:

2.5.1. Борборлошкон канализация системасынан чарбалык-турмуш тиричилик жана өндүрүш агымдар тазаланып алынат.Таза суулар канализацияга “Таза Айыл” ММ өзгөчө

2.5.2. Канализациялык тармактын жана тазалоо курулмалардын бузулушун болтурбоо максатында,абонентке канализацияга таштоого тыюу салынат:

- таштандылар,күлдү,жерди,пахтаны,чүпүрөктөрдү,самандарды,карларды,мууздарды;

- бүтүн бойдогу катуу турмуш-тиричилик калдыктар;

- бензини бар сууну,жарылуу аралашманы түзүүчү эфир жана башка заттар.

- кыртыш,таза жана атмосфералык суулар,жумушчулардын ден-соолугуна жаман таасир берген өнөр жай суулары,канализациялык курулмаларды тейлеген,

2.5.3. Шаардык канализацияга агым суулар менен катуу калдыктар түшуп калбастыгын текшерүү үчүн”Таза Айыл” ММ 10 күндүк мөөнөттө көзөмөл кудуктун чыгышына панжара орнотот.

2.5.4. “Таза Айыл” ММ эскертүүсү боюнча абонент кароо кудуктарынан үстүнкү суулардын буруусун өткөрүүсү керек жана кара нөшөр канализациясына жабдуу орнотот.

2.5.5. Аянт ичиндеги (квартал ичиндеги) канализациялык тармагынын кудуктары кароо үчүн дайыма жеткиликтүү болуш керек.Кудуктардын жайы метр аралыктагы белгиси бар көрнөкчөлөр менен белгиленген.

2.5.6. “Таза Айыл” ММ жумушчуларынан башкаларга шаардык канализациялык тармактын жана көзөмөл кудуктардын капкактарын ачууга ошондой эле алардын ичине кирүүгө тыюу салынат.

2.5.7. “Таза Айыл” ММ (макулдашуусуз) уруксаатысыз үй ичиндеги аянт ичиндеги (квартал ичиндеги) канализациялык тармактардын жана кайтадан куруусун өткөрүүгө тыюу салынат.

2.5.8. Суукетирүү системасы өнүкпөгөн райондордо “Таза Айыл” ММ суукеректөө бъектин борбордук канализация системасына кошууга ээсин милдеттендиргенге укугу бар.

3. СУУТҮТҮК ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯНЫ КОЛДОНУУДА ЖАКТАРДЫН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕР

3.1. “Таза Айыл” ММ жана ичүүгө жарактуу суунун керектөөчүсү арасындагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн эки жактуу келишим менен жөнгө салынат, жана эгерде керектөөчү жаран болсо Кыргыз Республикасынын калкына коммуналдык тейлөө Эрежелеринине ылайык.Эки жактын ортосунда суукамсыздоо жана (же) суукетирүү келишими милдеттүү түрдө болуш керек.

3.2. Абонент жана “Таза Айыл” ММ ортосундагы колдонуу жоопкерчиликтин чеги келишимде көрсөтүлөт жана орнотулат:

3.2.1. Көпбатирлүү үйлөр үчүн ведомстволук таандыгына,менчик түрүнө жана көрүнүшүнө карабай (турак-жай курулуш кооперативдерге таандык үйлөрдү киргизгенде):

- суутүтүк боюнча- менчиктин жана өткөрмө түтүктүн оюлган ордунун чеги үйдүн сырткы дубалы боюнча орнотулат.Оюлган орундун точкасы “Таза Айыл” ММ колдонуу жоопкерчилигинин зонасына кирет.

- канализация боюнча- оюлган орду үйдөн биринчи турган канализациялык кудуктар, аларга канализациялык чыгаруулар туташылган.Оюлган орундун точкасы “Таза Айыл” ММ колдонуу жоопкерчилигинин зонасына кирет.

3.2.2. Борбордук суукамсыздоо жана канализация системасынын калган колдонуучулары үчүн жеке үйлөрдү,ишканаларды жана уюмдарды киргизгенде – суутүтүк-канализациялык тармактардындагы колдонуу жоопкерчиликтин чеги менчик чеги (же баланстык таандыгы) менен дал келет.

3.2.3. Тараптар макулдашуу боюнча колдонуу жоопкерчиликтин зонасын кеңейтсе болот.

3.3. Үй ичиндеги (ички) суутүтүк жана канализациялык тармактарынын техникалык абалына аларга курулмалар жана түзүлмөлөргө жоопкерчилик жүктөлөт:

- “Таза Айыл” ММ – анын колдонуу жоопкерчилигинин зонасында болгон (3.2.1. подпунктунда аталган үйлөр үчүн);

- жеке менчик ээсине же кожоюнга- “Таза Айыл” ММ колдонуу жоопкерчилигинин зонасынын жоктугу (3.2.2. подпунктунда аталган үйлөр,имараттар жана курулмалар ишканалар жана уюмдар үчүн);

3.4. Абоненттин менчигиндеги суутүтүк-канализациялык тармактарынын (жабдуулардын,курулмалардын) техникалык абалынын тйешелүү урунуу оордугун абонент көтөрөт. Суутүтүк-канализациялык тармактардын (жабдуулардын,курулмалардын) техникалык абалы коюлган нормаларга жана эрежелерге ылайык болуш керек.

3.5. “Таза Айыл” ММ карамагында турган курулмалардын,жабдуулардын жана мүлктөрдүн сакталышын абонент келишим негизинде камсыз кылат.


3.6. Абонент милдетүү:

- өз убагында түзүлгөн эки тараптуу келишимдин шарттарына ылайык ичүүгө жарактуу сууга,агымдарды кетирүү боюнча тейлөөгө,ошондой эле суутүтүк-канализациялык тейлөө боюнча нагыз аткарылган иштерге “Таза Айыл” ММ төлөп бериши керек.

- өзүнүн эсебинен ичүүгө жарактуу суунун аспабын (сууөлчөгүч) сатып алып жана орнотушу керек.Жаңы киргизилген чарбалык-тиричилик жана өндүрүш суукеректөөгө азыркы Эрежелердин талаптарынын 2.1.пункту таратылат.

- суутүтүк жана канализация линияларында курулуштарды курууга,материалдарды жыюуга,өткөрмө түтүктөрдөн төрт метр жакындык аралыкта бактарды отургузууга,ошондой эле “Таза Айыл” ММ уруксатысыз жер иштерин өткөрүүгө жол берилбейт.

- үй ичиндеги (ички) суутүту жана канализациялык тармактарга “Таза Айыл” ММ ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тоскоолсузу кирүү укугун камсыздоо, анын ичинен колдонуу жоопкерчиликтин зонасынан тышкары турган ошондой эле ичүүгө жарактуу суунун жана канализациялык агымдардын аспаптарына.

- үй ичиндеги канализациялык тармактагы түтүктөрдүн ревизиялык тешиктери тыгыз жабылышын кароо,ошондой эле өткөрмөлөрдөгү бекитүүлөр бузулса герметикалуу бүтөлөт;

- санитардык-техникалык аспаптардан суунун агып кетүүсүн жок кылат, ошондой эле “Таза Айыл” ММ колдонуу жоопкерчилик зонасынан тышкары жайгашкан суутүтүк арматурага жана канализациялык жабдууга зарыл оңдоо иштерин өткөрүү;

- ичүүгө жарактуу суунун аспатарынын жана канализациялык агымдарынын иштешинин бузулушу жөнүндө “Таза Айыл” ММ маалымдоо,“Таза Айыл” ММ таандык жана абоненттин аймагындагы имаратта жайгашкан жабдуулардын иштешинин бузулушу жана авариясы жөнүндө.

- люктардын,өрт гидранттардын,көрсөтмө көрнөкчөлөрдүн”Таза Айыл” орноткон пломбалардын сакталышын кароо;

- сутүтүк жана канализациялык кудуктаран үстүнкү агымдарды буруп кетүүнү камсыздоо,өрт гидранттарына жолдорду үйбөө,өрт гидранттардын көрсөткүчтөрүнүн туура экендигин байкоо;

- суутүтүк жана канализациялык курулмалардын көчөдөгү тармактарынын жана үй киргизмелеринин бузулушу жөнүндө “Таза Айыл” ММ маалымдоо;
- санитардык-техникалык аспаптарга катуу заттардын түшүшүн эсепке албоо,аларды канализацияга түшүрүү Эреже боюнча тыюу салынат.
- булганышын алдын алуу үчүн өзүнүн колдонуу жоопкерчилик зонасындагы үй ичиндеги жана аянт ичиндеги канализациялык тармактын кароосун камсыздоо, аянт ичиндеги жана үй ичиндеги канализациялык тармактарына профилактикалык тазалоо өткөрүү “Таза Айыл” ММ талабы боюнча;

- санитардык-техникалык аспаптарды таза кармөө;

- вентиляциялык стояктардын тазалануусун ишке ашыруу;

- канализацияны колдонууга уруксаат алууга чейин үй ичиндеги (аянт ичиндеги) канализациялык тармактын кудуктарындагы “Таза Айыл” ММ коюлган пробкаларынын сакталышын камсыздоо,эрежелерди бузуу натыйжасында суутүтүк-канализациялык тармактын жана курулмалар бузулса оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлсүн;

- берилген эрежелерди бузуу натыйжасында суутүтүк-канализациялык тармактар жана курулмалар бузулса оңдоо же калылыбына келтирүү иштерин жүргүзүү.Оңдоо иштери “Таза Айыл” ММ өкүлдөрүнүн техникалык көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

- өзүнүн колдонуу жоопкерчилигинин зонасында жайгашкан суутүтүк жана канализациялык тармактардын туура эмес кармоонун натыйжасында келтирилген материалдык зыянды юридикалык жана физикалык жактарга төлөп берүү;

- суукетирүү жана (же) суукамсыздоо келишими боюнча “Таза Айыл” ММ өзүнүн милдеттерин аткарбаса бузулган милдеттери көрсөтүлгөн акт түзүлөт;
- авариялык абалды жок кылуу жана (же) оңдоо профилактикалык иштерди өткөрүү үчүн (5 күнгө чейин) эскертүүдө көрсөтүлгөндөй “Таза Айыл” ММ эскертүүсү боюнча суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга эркин кирүү берилсин.Эскертүү аткарылбаса өткөрмө түтүктөн 3м/сек. ылдамдыкта ичүүгө жарактуу суунун агып кетишине абонентке эсеп жазылат.

3.7. “Таза Айыл” ММ милдеттүү:

- абонентти стандартка ылайык (СанПин 2.1.4.559-96 “Ичүүгө жарактуу суу” суукамсыздоо борбордук системасынын суунун сапатына болгон гигиеналык талаптары) ичүүгө жарактуу суу менен камсыздоо;

- абонентке берилген ичүүгө жарактуу суунун сапатын системалык көзөмөлдөө,кирдегендигинин булактарын таап жана суукамсыздоо объекттеринин системасынан өчүрүү.

- абонентке таандык суутүтүк-канализациялык тармактардын коопсуздугун жана керектүү техникалык абалын түзүлгөн келишимдин алкагында камсыздоо.Суутүтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөө боюнча иштери коюлган нормаларга жана эрежелерге ылайык аткарылат;

- абонентке берилген ичүүгө жарактуу суу жана агымдарды кабыл алуу эсепке алуусун жүргүзүү;

- Эсеп орнотулган аспаптардын көрсөтүүлөрдү боюнча жүргүзүлөт,эгерде аспаптар жок болсо бекитилген нориалардын негизинде

- эсептөө аспаптары жок абоненттерге (бир жылда бир жолу) курамынын,суукеректөөчүлөрдүн санын текшерүү;


- абоненттерди борбордуксуукамсыздоо жана канализациялык системасынын иштешинин бузулуусу жөнүндө маалымдоо,суукамсыздоо же суукетирүү чектелишине байланыштуу;

- берилген милдеттерин аткарбаса(туура эмес аткарса) абонентке келтирилген зыянды төлөп берет;

3.8. “Таза Айыл” ММ жумушчуларынан башкаларга суутүтүк жана канализациялык кудуктардын люктарын ачууга, түртмөлөрдү жөнгө салууга,ошондой эле суутүтүк жана канализациялык тармактарда жумуштарды өткөрүугө тыюу салынат;

3.9. “Таза Айыл” ММ коммуналдык менчикте турган суутүтүк-канализациялык тармактарды колдонуу жана алардын абалына системалык көзөмөл жүргүзөт,ичүүгө жарактуу суунун жоготуулары менен күрөшүү жүргүзөт,ичүүгө жарактуу сууга коюлган лимттерди сактоону көзөмөлдөйт;

4. ИЧҮҮГӨ ЖАРАКТУУ СУУНУН ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК АГЫМДАРДЫН ЭСЕП АСПАПТАРЫН ЖАНА КОЛДОНУУ.

4.1. Суутүтүк жана канализациялык тармактагы ичүүгө жарактуу суунун жана канализациялык агымдардын эсеп аспаптарынын жайгашкан орду “Таза Айыл” ММ менен макулдашылат.

4.2. Суутүтүк киргизмелерде жана канализациялык тармактардын чыгарууларында орнотулган суунун жана агымдардын эсеп аспаптары суунун минималдуу жана максималдуу чыгашасына ылайык болуш керек.

4.3. Ар бир суу колдонуучунун (абоненттин) киргизмесинде милдетүү түрдө ичүүгө жарактуу суу аспабы орнотулат.Имараттар жана курулмалар бар ишканалар жана уюмдар суу эсептөө аспабын шаардык тармактардын туташуу точкасына орнотот.Эки шакектүү киргизме болсо ар бир киргизмеде арткы планы бар эсептөөчү аспап коюлат.Ичүүгө жарактуу сууга жана агымдарга эсеп аспаптарынын сатып алуусу жана орнотулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын эрежелеринин 3.6.пунктуна ылайык өндүрүлөт.

4.4. Сууну эсептөө аспабын орнотуш үчүн имараттын ичин текшерүүгө жана көрсөткүчтөрдү алууга оңой,жакшы жарыкталган,жылууланган,аспаптын төнүшүн алдын алуу үчүн,суулардын жана таштандылардын кирдеп калышынан жана бузулушунан корголуш керек.Эгер суу эсептөө аспабыараттын ичинде жайгашса ал өткөрмө түтүктүн киргизмеси тарабынан биринчи дубалдан жайгашыш керек.Суу эсептөө аспабы орнотулган имарат тазалыкта кармалып жана зарыл болсо кулпуга бекитилиш керек.

4.5. Суу эсептөө аспабын имараттын подвалында сактоо мүмкүнчүлүгү жок болсо аны имараттын жылуу подъездинде орнотсо болот “Таза Айыл” ММ менен макулдашылган проектине ылайык,жана азыркы Эрежелердин 4.4. пунктун шарттарын сактоо менен;

4.6. Эгерде суу эсептөө аспабы атайын камерада орнотулса анда ал камерага бөлөк кирүү жасалат,эшик менен жабылуучу өзгөчө абалда суу эсептөө аспабы кудукта орнотулат;

4.7. Суу эсептөө аспаптары Н и П жана ГОСТко ылайык орнотулушат жана колдонулушат.Суу эсептөө аспаптары Кыргыз Республикасынын стандартизация жана метрология органынын ыйгарым укутуусу тарабынан текшерилиш жана пломбалоо керек.Суу эсептөө аспаптарын оңдоо жана текшерүү “Таза Айыл” ММ актына ылайык ээсинин эсебинен атайын уюмдун суу өлчөө мастерскаясында жүргүзүлүшү керек;

4.8. Абонент ичүүгө жарактуу сууну колдонуусу өзгөрүлгөн учурда “Таза Айыл” ММ макулдашылган проектине ылайык суу өлчө түйүнүнө кайра куруу иштерин жүргүзөт.


5. Берилген (алынган) ичүүгө жарактуу суунун жана канализациялык агымдардын кабыл алуусун (түшүнүгүнүн) өлчөмүн эсептөө.

5.1. Ичүүгө жарактуу сууну эсептөө.

5.1.2. Абонент ай сайын “Таза Айыл” ММ ичүүгө жарактуу суу эсептөө аспаптарынын көргөзүүлөрүн өткөрүп бериш керек,андан кийин сууколдонуу жана агымдарды таштоо төлөмүнө эсеп алыш керек;

5.1.3. Эгерде ичүүгө жарактуу суунун эсептөө аспабы бузулуп калса абонент көрсөткүчтөрдү тактоо жана пломбаларды чечүү үчүн “Таза Айыл” ММ өкүлү берилген иштердин аткарылышы нарядынын негизинде жүргүзүлөт.Коротулган суунун көлөмү эки айга орто күндүн чыгашасы боюнча эсептелет;

5.1.4. Суу эсептөө аспабынын көзөмөлдүү көрсөткүчтөрүн алуу “Таза Айыл” ММ көзөмөлчүсү менен жүргүзүлөт,же анын йыгарым укуктуу өкүлү менен абоненттин катышуусунда.Көзөмөлчү милдеттүү: суу эсептөө аспабынын пломбаларынын сакталышын,кошулуучу бөлүктөрдүн оңдугун,пломбалардын сакталышын текшерип,ошондой эле суунун агып кетишинин жоктугун текшерүү.Табылган учурда:

- айнектин бүтүндүгүнүн бузулушу;

- стрелкалардын үзүлүшү жана бузулушу;



- суу эсептөө аспапта же жээк түртмөдө (анын ичинде өрт гидрантында) пломбанын жулунушу же бузулушу;

- ээриши;

- клапандын бузулгандыгына байланыштуу тескери тараптагы көрсөткүчтөрдүн эсептелиши;

- эгерде суу эсептөө аспабынын ченемин суунун чыгашасына ылайык келбесе суу өлчөө түйүнүнүн кайра курулушу боюнча эскертүүлөрү аткарылбаса;

- суу өлчөө түйүнүндө ширетүү иштери өндүрүлгөндө ысык суунун түшүшү же бузулуусу;

- суутүтүк киргизүүлөрдүн өтүүсү жана аны менен байланыштуу иш тартибинин өзгөрүшү жана “Таза Айыл” ММ макулдашылбаган суу эсептөө аспабына күч келтирүү;

- көзөмөлчү абонент (анын ыгарым укуктуу өкүлү менен) менен кол коюлган акт түзөт,эгерде абонент жок десе актка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү же үч кишиден турган комиссия кол коет.Коротулган суунун эсеби өткөрмө түтүктөн 0,5 диаметри боюнча өтөт жана бир айда 12 саат суукеректөөдө (3 м/сек.) суу өтөт.

5.1.5. Эгерде үйдө жашагандардын саны өзгөрүлсө (эсеп аспаптары жок болсо) сууколдонуу жана канализацияга эсеп абоненттин көрсөткөн документтеринин негизинде төлөнөт.

Эгерде керектөөчү убактылуу 5 толук календарлык күн жок болсо анда “Таза Айыл” ММ 5 иш күндүн ичинде суу колдонуу жана канализацияга төлөм өлчөмүн кайра эсептейТ керектөөчүнүн жазуу түрүндөгү арызынын негизинде,бир айдын ичинде.Кайра эсептөө төлөм өлчөмүнүн натыйжалары берилген эрежелердин 6.1. пунктунда көрсөтүлгөн төлөм документтерде көрсөтүлөт.Арызга убактылуу жашабаган абоненттин жана аны менен чогуу жашаган кишилердин убактылуу жоктугун аныктаган документтер тиркелет.Абоненттин убактылуу жашабагандыгы жөнүндө документ болуп саналат:

а) иш сапар күбөлүгүнүн көчүрмөсү же иш сапар тастыктамасы жумуш ордунан бекитилген;

б) стационардык дарылоо мекемесинде дарылангандыгы жөнүндө тастыктама;

в) жүргүнчү билети,абоненттин атына катталган же аны менен жашаган абоненттер ,же алардын көчүрмөлөрү (эгерде абоненттин аты документтерде көрсөтүлсө эрежелерине ылайык)

г) мейманканада,жатаканада жашагандыгы жөнүндө эсеп,Юже алардын көчүрмөлөрү;

д) Ички иштер органынын абоненттин убактылуу жашаган жери боюнча тастыктамасы;

е) кошуналарджын колу коюлган акт;
ж) тастыктама (домкомдун,кварталныйдын,үйдүн башчысынын);

Абоненттин документтеринин көчүрмөлөрүн алып,алардын түпнускасын текшерип,алардагы маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана толуктугун текшерүүгө “Таза Айыл” ММ укугу бар,анын ичинде аларды берген органдарга жана уюмдарга официалдуу сурам жөнөтүү жолу аркылуу;

Сууколдонуу жана канализацияга толөө өлчөмүн кайра эсептөө абоненттин убактылуу жашабаган күнүнүн санына пропорциялуу өткөрүлөт,анын кетүү күнүн жана ал жерге келген күнүн санабаганда;

5.1.6. Беловодское а. жашаган абоненттердин үйүндө каттоосу жок жарандар табылса суу колдонуу жана канализацияны тейлөө кызматына абонент (турмуш-тиричилик керектөөчү) төлөйт. “Таза Айыл” ММ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (үй же кварталдык комитетинин) колу коюлган актына ылайык;

5.1.7. Абоненттердин көчөдөгү суу бөлүштүрүү суучоргодоналган суунун чыгаша эсеби суукеректөө нормалары боюнча жүргүзүлөт;

5.2. Ичүүгө жарактуу суу менен сугаруу жана суунун агып кемүүсү;

5.2.1. Жашыл тигүүлөрдү сугаруу,кроолорду жуу,килемдерди,автоунааларды жана механизмдерди аныкталбаган жерлерде ичүүгө жарктуу суу менен жууганга тыюу салынат. Өзгөчө абалда жашыл тигүүлөрдү сугарууга “Таза Айыл” ММ уруксаат берет.(00 сааттан 05 саатка чейин).

5.2.2. Имараттын жана курулманын куруу проекти менен каралбаган ички (үй ичиндеги) суутүтүк тармактарынан чыгарууларды жана стояктарды курууга тыюу салынат.

5.2.3. Эрежелердин 5.2.1. жана 5.2.2. подпункттарында бузуулар табылса “Таза Айыл” ыйгарым укуктуу өкүлү менен кол коюлган акт түзүлөт,эгерде акыркысы кол коюудан баш тартса актка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүменен же үч кишиден турган комиссия менен кол коюлат;

5.2.4. Абоненттердин суутүтүк тармактарында (эсептөө аспабы жок болсо) ичүүгө жарактуу суунун агып кемүүсү жана жөнү жок колдонуусу табылса,анын ичинен суутүтүк крандаран жуулучу челектер,душ орнотуулар табылса “Таза Айыл” ММ өкүлү менен Акт түзүлөт.Актка абонент кол коет,эгерде ал жок болсо же макул болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү менен

5.3. Канализациялык агымдарды эсепке алуу.

5.3.1. Шаардык канализацияга түшкөн агымдардын эсеби шаардык канализацияга чыгуучу агым суулардын эсептөө аспабы боюнча жүргүзүлөт;

5.3.2. Агым суулардын эсептөө аспабы жок болсо агымдардынсаныаныкталат;





- борбордук же ведомстволук суутүтүктүн түшкөн муздак суунун саны боюнча,суу эсептөө аспабынын көрсөткүчүнө ылайык жана ысык суунун чыгашасы,ошондой эле ысык сууну эсептөө аспабы боюнча аныкталат:

- ысык суунун эсептөө аспабы жок болсо –ысык сууну колдонууну эсептөөдө бекитилген нормаларга ылайык;

- суу жергиликтүү жана башка булактардан керектелсе агым суулардын чыгашасы курулмалардын өткөрүү шыгы боюнча канализацияга кошулуш үчүн аныкталат,бир айдын ичинде 1 суткада-0,5 коэффициентке барабар 12 саат 1 суткада 1 ай ичинде канализациянын минималдуу эңкейишинде;

5.3.3. Абоненттен келип түшкөн агымдардын санын аныктоодо келише албастык учурда “Таза Айыл” ММ көзөмөлдүү ченөө өткөрүүгө укугу бар.Көзөмөлдүк ченөөлөр зарылдык чара боюнча жана абоненттин катышуусу менен жүргүзүлөт.Өлчөө бүткөндө акт түзүлөт ага эки жак менен кол коюлат.

ИЧҮҮГӨ ЖАРАКТУУ СУУНУ БЕРҮҮ ҮЧҮН (АЛУУ ҮЧҮН) ЭСЕП ЖАНА АГЫМДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ (ТАШТОО)

6.1. Ичүүгө жарактуу сууга абоненттердин “Таза Айыл” ММ менен эсептешүүсү,агымдарды таштоо жана тазалоо,суутүтүк-канализациялык тармгынын техникалык тейлөөсү,тарифтердин негизинде жүргүзүлөт;

6.2. Беловодское а. борбордук суукамсыздоо системасындагы ичүүгө жарактуу сууну колдонууга тарифтер жана агымдардын борбордук канализациялык системасына кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык орнотулат;

6.3. “Таза Айыл” ММ ичүүгө жарактуу сууга ө убагында төлөнүүсүн байкоого милдеттүү жана суутүтүк канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсү боюнча.Абонент товарларга жана тейлөөгө өз убагында төлөбөсө “Таза Айыл” ММ абонентке 0,1 % өлчөмүндө пеня эсептейт,ар бир күндүн карызынан,эгерде жазуу түрүндөгү эскертүүдөн кийин,абонентке ичүүгө жарактуу сууну берүүнү токтотот.

6.4. Ичүүгө жарактуу суу абонент карызын толук төлөп бергенден кийин берилет;

6.5. Ичүүгө жарактуу сууга жана агымдардын түшүшүнүн ошондой эле суутүтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө “Таза Айыл” ММ менен эсеп жазылат.Абонент менен субабоненттин эсептешүү талабын “Таза Айыл” ММ карабайт;


6.6. Турак же киши турууга ылайыкталбаган имаратты физикалык же юридикалык жак сатып алса сатуучунун сууколдонууга жана суукетирүүгө карызын текшерүүгө милдетүү. Жаңы кожоюн бир айдын ичинде өзүнүн атына суукамсыздоо жана суукетирүү келишимин каттоо боюнча “Таза Айыл” ММ кайрылууга милдеттүү,суу жана канализация боюнча карыздар табылса алар автоматтуу түрдө жаңы кожоюнга өтөт.

6.7. Турак жана турууга ылайыкталбаган имаратты ишмердүүлүк үчүн пайдаланса,сууколдонуу жана агымдарды таштоо менен байланыштуу ылайыкталган суу керектөөчү тобу үчүн тариф колдонулат.

7. ИЧҮҮГӨ ЖАРАКТУУ СУУНУН ТОКТОТУУ ЖЕ ЧЕТТЕТҮҮ ИРЕТИ ЖАНА (ЖЕ) АГЫМДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ.

7.1. “Таза Айыл” ММ эскертүүсүз Беловодское айылынын башка абоненттерине же кварталдарында ичүүгө жарактуу суунун берилишин кийинки учурларда өчүрөт:

- борбордук суукамсыздоо системасынын насостук станцияларын электркубаттуулук менен авариялык камсыздоосун токтотуу:

- өрт жерлерге суу берүүнүн зарылдыгын көбөйтүү;

- кырсыктар;

- суутүтүк жана канализациялык тармактарда жана курулмаларда аварияларды;

7.2. “Таза Айыл” ММ абонентке ичүүгө жарактуу сууну авария учурунда же тышкы жана ички суутүтүк бузулганда бергенди токтотот.

7.3. Суутүтүк тармактарынын жана курулмалардын оңдоо иштери өткөрүлүшүнө байланыштуу суунун басымы төмөндөп же убактылуу берилбесе “Таза Айыл” ММ 3 суткаданкеч эмес убакытта абоненттерди эскертет.

7.4. “Таза Айыл” ММ убактылуу (же такай) алдын алуу кабарлоодон кийин суукамсыздоо жана суукетирүү келишимине ылайык Беловодское айылынын башка жарандарына суу берүүнү токтотот;

- сууколдонууга жана суукетирүүгө тейлөө кызматына төлөмдү кечиктирүүдө;

- суу эсептөө аспабына “Таза Айыл” ММ өкүлүн кирүү үчүн камсыздабаса же чыккан сууну эсептөө үчүн зарыл маалыматты бербесе:

- суутүтүк жана канализациялык тармакка уруксаатсыз кошулуу;


- суукеректөө лимити ашып кеткен учурда пломбаларды орнотуу жана түртмөлөрдү жөнгө салууга макул болбоо;

- ири өнөр жай ишканалары жана үчүн суукеректөө лимиттери системалуу ашып кетсе жана суукеректөө тартиби сакталбаса;

субабонентти өчүрүү эгер анын суутүтүк тармагы башка менчик ээсинин аймагынан туташса “Таза Айыл” ММ менен макулдашылбаса;

- “Таза Айыл” ММ эрежелерди бузууну жоюу жөнүндөгү эскертү
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px