Кыргыз Республикасы
Чүй облусу Москва району
Беловодский айыл өкмөтү
Беловодск айыл кеңешинин XXVI чакырылышы
№195 ТОКТОМ
07.07. 2016 жыл
“2017-2019 ж.ж. бюджет боюнча
чыгашалар проектин
бекитүү жөнүндө”
29.06.2016 ж. №20 бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция,ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап жана “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизи принциптери жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 11.06.1998 ж. №78, 9 берене Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,
Токтом кылды:
1. 2017-2019 ж.ж. бюджет боюнча чыгашалар проекти бекитилсин тиркемеге ылайык.
2017 жыл – 62427,4 м.с.
2018 – 62827,6 м.с.
2019 – 63403,5 м.с.
Кирешелердин долбору биринчи варианты Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлигине сунушталсын.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.А.Айдралиевага жүктөлсүн.
Беловодское айылдык кеңештин
төрагасы: О. Чекирбаев.