Беловодск айыл аймагынын муниципалдык
менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз
мүлк объектилерине чектелген мүлктүк укуктарын
берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Беловодск айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерине чектелген мүлктүк укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу жана берүү боюнча комиссиянын 19.02.2014-ж. чечиминин негизинде Беловодск айыл округунун кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Беловодск айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерине чектелген мүлктүк укуктарын берүү тартиби жөнүндө”жобосу бекитилсин.
2. Беловодск айыл кеңешинин 21.06.2013-ж. № 39 токтому жана Беловодск айыл кеңешинин 02.08.2013-ж. № 43 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башкы адис юристи О.В. Сметанкого жүктөлсүн.
zhobo.doc [231,5 Kb] (cкачиваний: 2)