Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
02 июн 2018

Дин боюнча (дин иштери боюнча) коомдук комитет жөнүндө Жобо Беловодский айылдык аймагы

Дин боюнча (дин иштери боюнча) коомдук комитет жөнүндө
Жобо

Беловодский айылдык аймагы


I. Жалпы жоболор

1.1. Дин боюнча коомдук комитети Кыргыз Республикасынын Республикасынын «Кыргыз Республикасында дин эркиндиги жана дин уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 1 бер.2 п. талаптарына ылайык (кыскача ДКК) деп аталат. Дин боюнча коомдук комитети Беловодский айыл өкмөтүнүн алдында дин иштери жана дин тармагындагы мамлекеттик политика иштери боюнча мамлекеттик орган менен биргеликтүү иш-чараларды өткөрүү, жарандар арасындагы мамилелер, ар кандай диндердин дин уюмдары, дин каршылыгын жандануусун болтурбоо үчүн түзүлгөн.
1.2. Дин боюнча коомдук комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен, диний өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар жана массалык маалыматкаражаттар менен тыгыз байланышта ишке ашырат.
1.3. Дин боюнча коомдук комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна жана буюрмаларына ылайык ишке ашырат.
1.4. Дин боюнча коомдук комитетинин уюштуруу камсыздоосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
1.5. Дин боюнча коомдук комитетинин ишмердүүлүк координациясы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен (жергиликтүү кеңеш менен) жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен ишке ашырылат.


II. Дин боюнча коомдук комитетинин негизги маселелери жана функциялары

2.1. Дин боюнча коомдук комитетинин негизги маселеси болуп мамлекетик орган менен биргеликте коомдук тартипти сактоо үчүн, коопсуздук, аймактык бүтүндүк жана этника аралык жана диний аралык толеранттык саналат.
2.2. Дин боюнча коомдук комитети аймактык укуктардын чегинде
- дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик политиканы ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат:

- жарандардын дин эркиндигине укуктарды түздөгө мыйзамдарды иштеп чыгып жана аларды укукту органга киргизет;
- сунуштарды иштеп чыгып жана жарандардын дин эркиндигинин укуктарын ишке ашыруу боюнча коомдук көзөмөлдү ишке ашырат;
- диний чөйрөдө иш-чараларды өткөрүү боюнча өздөрүнүн отурумдарында карашат;
- айыл өкмөтүнүн жана диний уюмдарынын кызыкчылыктары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгышат;
- Беловодский айыл өкмөтүнүн карамына анын жакшыртуусу жана керектүүчараларды колдонуу боюнча суроолорду алып чыгат;
- диний уюмдар менен тең мамиледе болуш үчүн мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзүн өзү башкарууга жардам берет;
- экстремизмди болтурбоо иштерин уюштурушат;
- мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу,диний жана жарандык коомдун уюмдары менен баалуулуктарды пропагандалоону,демократиялык,ачык жарандык поликонфессионалдык коомду,конфессия аралык,этника аралык толеранттуулукту жана макулдашууну бекемдөө жана коомдук тартипти,коопсуздукту,сактоо боюнча иш жүргүзүшөт;
- Беловодский айыл өкмөтүнө дин чөйрөсүнө жана коомдук маселелерге караштуу укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу боюнча сунуштарын киргизет;
- диний иштер боюнча укуктуу органга Кыргыз Республикасынын диний эркиндиги боюнча мыйзамдарды бузган чет өлкөлүү миссионерлеринин ишмердүүлүгүнө тыйюу салу боюнча сунуштарын киргизет;
2.3.дин боюнча коомдук комитет озүнүн маселелерин аткаруу үчүн кийинки функцияларды ишке ашырат:
- Беловодский айылдык кеңешинин сессиясына бекитүүгө Коомдук комитет пландарды иштеп чыгат;
- жарандардын мыйзамдык кызыкчылыктарына конституциялык негизге жана мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирген диний экстремизмдин жалган диний агымдардын жайылышын профилактикалоо боюнча иш-чараларды пландаштырат;
- диний абалдын анализин жүргүзүп Беловодский айылдык кеңешинин жана Беловодский айыл өкмөөтүнүн талкуулоосуна алып чыгат;
-жарандардын тизмелерин, Уюштуруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмелерин макулдашуу боюнча айылдык кеңешке сунуштамаларды берип жана материалдарды карап чыгууну ишке ашырат;
-диний багытындагы объекттерди курууга ошондой эле диний көрүстөндөргө жер участокторун бөлүп берүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
- балдарды жана жаштарды диний адеп-ахлактуулукка, патриоттук жана укуктук тарбиялоо чөйрөсүндө иш жүргүзөт;
- диний окуу жайларынын коюлган ченемдерин сактоо жана иштин жүрүшүн уюштуруу суроолоруу боюнча диний билим берүү мекемелердин ишмердүүлүгүнүн мониторингин ишке ашырат;


- ырым-жырымдарга кеткен чыгашалар боюнча иштерди өткөрөт салттарды иреттөгө багытталган иш-чараларды уюштурат;
- жарандарды социалдык камсыздоо мекемелери,жарандарды коргоо боюнча диний жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кыйын жашоо абалында калган жарандарды, балдар үйлөрүн, карылар үйлөрүн колдоо боюнча биргеликте иш уюштурат;
- Беловодский айыл өкмөтү, диний жана өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте кайрымдуулук чөйрөсүндө иш жүргүзүшөт;
- кайрымдуулук акцияларын уюштурушат,булл максатка калкты мобилизациялайт;
- жаштар арасында дене тарбия иш-чараларын жана башка маданий жана дени сак жашоо иштерин уюштурушат;
- этникалык топтордун жана диний бирикмелердин тынчтыкта жашоосун,коомдогу социалдык оор абалды чечүү,ар кандай концессиялар арасындагы сый мамилелерди колдоо;
-адептүүлүктү көтөрүү, үй-бүлөнү бекемдөө жана аялдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо,коомдун социалдык суроолорун чечүү боюнча иштерди пландаштырышат (наркомания,алкоголизм, ВИЧ/СПИД көйгөйү ж.б.);
- диний каршылыкты болтурбоо,диний сезимдерди кордоо, ошондой эле зордук-зомбулук жана ага үгүттөөнү болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзөт;
- диний чөйрөсүндөгү диний коомдук уюмдардын максаттары мамлекеттик максаттарга ылайыктуу жарандардын демилгелерин колдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын элинин диний тарыхы,маданий мурасы,жашоосу,адептүлүк баалуулуктары боюнча Коомдук комитетинин ишмердүүлү боюнча суроолорду чагылдыруу боюнча теле жана радио уюмдар менен кызматташат;
III. Дин боюнча Коомдук комитетинин калыптанышы жана дин боюнча комитетинин иш регламенти
3.1. Дин боюнча Коомдук комитети жергиликтүү кеңеш менен калыптанат
3.2. Дин боюнча Коомдук комитети Беловодский айылдык кенешине жана диний иштер боюнча ыйгарым укуктуу органга отчет берет.
3.3. Коомдук комитет коомдук кызыкчылыктардын эсеби менен калыптанат, анын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча),укук коргоо структураларынын ɵкүлдɵрү,диний уюмдар, шайлоо органдарынын өкүлдөрү, жарандык коомдун уюмдары, аксакалдар кеңеши, этникалык топтор кирет.
3.4. Дин боюнча Коомдук комитети толук иштөө үчүн коомдук комитет мамлекеттик диний уюмдардын ,жарандык коомдук уюмдардын жана калктын кызыкчылыктарын чагылдырган коомдук орган катары айыл өкмөтүнүн карамагына берилген Жобо боюнча суроолорду алып чыга алат.


3.5. Коомдук комитетинин башчысы болуп комитеттин отурумунда шайланат,Беловодский айыл өкмөтү менен макулдашуу боюнча төрага же активдүү депутаттардын бири жана кайра шайланышы мүмкүн мөөнөтү бүткөндө. Коомдук комитетинин башчысында орун басар жана катчы болот.
3.6. Коомдук комитетинин отурумдары зарылдыкка байланыштуу өткөрүлөт, бир айда бир жолу. Дин боюнча Коомдук комитети чечимдерди анын курамы 2/3 кишиден турганда кабыл алат.Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

3.7. Коомдук комитетинин иши иш пландарынын негизинде ишке ашырылат.
3.8. Коомдук комитетинин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мызамдарына ылайык айыл өкмөтү тарабынан каржыланат.
3.9. Жергиликтүү кеңештин укуктук-ченемдик актылары юстиция органдарында катталат жана массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин өз күчүнө кирет.








Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px