.

Экономикалык кылмыштар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча оперативдүү текшерүүлөрдөн кийин "Стройфарфорр" ААКсынын мурдагы башкаруучусу Леонид Маевскийге кылмыш иши козголду. Ал өтө ири суммадагы алдамчылык фактысына шектелип жатат.

Маевский "Юнитайл" компаниясын жетектеп турганда келишим түзүү аркылуу алдамчылык жолу менен "Стройфарфорр" ААКсына караштуу 59 миллион 324 миӊ 961 рублди тартып алганы белгилүү болду. Кылмыш иши Орусиянын Кылмыш жаза кодексинин 159-беренеси (алдамчылык) боюнча ачылган. 2014-жылы козголгон бул кылмыш ишинин кийинки тагдыры белгисиз. Маалымат kvu.su порталынан алынды.


Булак: super.kg