ТОКТОМ № 166

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык иштелип чыккан Жобосун талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айыл аймагынын аймагында иштеп жаткан "тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу - жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун тартиби жөнүндө" Жобо бекитилсин.
2. Бул токтом Беловодск айыл өкмөтүнүн belovodskoe.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттого жиберсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктөлсүн.




Төрага Кулжанов Т.К.