ТОКТОМ № 165

Беловодск айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, Беловодск айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу Союзуна мүчөлүк акыны, айыл аймактын ар бир жашоочусуна 2(эки) сом өлчөмүндө бектилсин.
2. Ушул жылдын бюджетинен 50800 (элүү миң сегиз жүз) сом 70111 “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнүн 26211300 беренесине каралсын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттого жиберсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктөлсүн.




Төрага Т.К. Кулжанов