ТОКТОМ № 159

Беловодск айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде -6934,5миң сом өлчөмүндөгү сумманы бөлүштүрүү маселесин угуп жана талкуулап Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Бирдиктүү салык салыгынын Республикалык бюджеттен компенсация түрүндө түшкөн – 6934,5 миң сомду төмөнкү иштерге бөлүштүрүлсүн:
- 05.09.2023ж №144 токтомуна ылайык, 7 айдын жыйынтыгы боюнча киреше бөлүгү 10478,5миң сомго көбөйтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги киреше бөлүгү 8700,0 миң сомго такталган. Бирдиктүү салыктын жоготууларынан -1778,5 миң сом 2023-жылдын 05-сентябрындагы №144 токтомуна ылайык жөнөтүлөт.
- Аппараттын резервдик фонду – 460,0 миң сом, 70111 “Аткаруу-мыйзам чыгаруу органдары” бөлүмү 28241100 “Резервдик фонд” беренесине.
- Атайын машина (канализациялык машина) сатып алуу - 600,0 миң сом, 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү 31121290 «Башка транспорт каражаттарын сатып алуу» беренесине
- Негизги эмгек акы – 85,0 миң сом 70823 “Маданият сарайлары жана үйлөрү, клубдар” 21111100 “Негизги эмгек акы” беренеси боюнча.
- Коммуналдык кызматтар - 4011,0 миң сом суммасында, 70921 «Орто билим» бөлүмү, 22311300 «Жылуулук энергиясына төлөө» статьясы.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктѳлсүн.



Төрага Т.К. Кулжанов