ТОКТОМ №158

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевдин сунушун угуп жана ARIS тарабынан каржылануучу “Беловодск айыл аймагы үчүн таштанды ташуучу унаа сатып алуу” долбоорун талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Беловодск айыл аймагы үчүн таштанды ташуучу унаа сатып алуу” долбоору бекитилсин:
№ Аталышы Алдын ала болжолдуу наркы (сом)
БААРДЫГЫ Анын ичинде
АРИС Айыл өкмөтү
1. “Беловодск айыл аймагы үчүн таштанды ташуучу унаа сатып алуу” 5 914 000 5 914 000 -
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктөлсүн.



Төрага Т.К Кулжанов