ТОКТОМ №156

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевдин жер участогун баланска кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Беловодск айыл өкмөтүнүн 04.12.2023жылдын №02-24/3019 жолдогон катын угуп, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын баардык белгиленген нормалары сакталган учурда гана Беловодск айыл өкмөтү жер участогун, жалпы аянты 450,0кв.м - Беловодское айылы, Фрунзе-Крупская көчөсү, Фрунзе көчөсүнүн түндүк тарабы, 323-огороддун аягындагы жайгашкан тилкени балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жер участогун өткөрүп берүүнү мыйзамдуу тартипте кабыл алуу маселесин карасын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктөлсүн.





Төрага Т.К.Кулжанов