ТОКТОМ № 155

Османалиева Айсулуу Асипкуловна жарандын 2023-жылдын 11 ноябрындагы Беловодск айылынын Фрунзе 302 дарегинде жайгашкан короо участкасынан кафе куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№42-9451 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылынын Фрунзе 302 дарегинде жайгашкан 903,5ч.м. аянтындагы жайгашкан короо участкасынан кафе курууга жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаев милдеттендирилсин.
3. Османалиева А.А. жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Москва райондук филиалында каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктѳлсүн.


Төрага Т. Кулжанов