ТОКТОМ № 154

Орозалиева Тынымкан Бектургановна жарандын 2023-жылдын 19 октябрындагы Беловодск айылынын Фрунзе 126/6 дарегинде жайгашкан короо жай жер тилкесин коммерциялык (дүкөн, тигүү цехи, сулуулук салону) куруу үчүн жер тилкесине максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№82-2023 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылынын Фрунзе 126/6 дарегинде жайгашкан 188.18ч.м. аянтындагы жайгашкан короо жай жер тилкесинен коммерциялык (дүкөн, кийим тигүү цехи, сулуулук салону) куруу үчүн жер тилкесине максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаев милдеттендирилсин.
3. Орозалиева Т.Б жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Москва райондук филиалында каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевга жүктѳлсүн.


Төрага Т. Кулжанов