ТОКТОМ №144

Беловодск айылдык Кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2023 жылдын 7 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү маселесин угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кенешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2023-жылдын - 7 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн Беловодск айыл өкмөтү боюнча салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча көбөйтүү:
- салык агентти төлөнүүчү киреше салыгы боюнча – 7000,0 миң сом.
- 2-топтогу кыймылсыз мүлк салыгы боюнча - 850,0 миң сом
- жер сатуу боюнча - 2,628,5 миң сом.
Баардыгы – 10478,5 миң сом.
- 2023-жылдын 7-айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү - 10478,5 миң сом суммасына жана төмөнкү иштерге жумшалсын:
- Жолдорду асфальттоо – 10140,0 миң сом, бөлүм 70629 "Башка ТЖКК", берене 31113320 "Жолдорду капиталдык оңдоо";
– Долбоордук–сметалык документтерди (ПСД) түзүү жана башка чыгымдар - 338,5 миң сом, бөлүм 70111 "Аткаруучу-мыйзам чыгаруучу органдар" берене 22154900 – 200,0 миң сом; берене 22221200 –-138,5 миң сом.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаев 2023-жылдын бюджеттик каражаттарды пайдалануу маселесин мыйзамда белгиленген тартипте карасын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын


ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.

Төрага Т.К. Кулжанов