ТОКТОМ 132

Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын кызыкчылыгын жана укугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,-
Токтом кылды:
1. Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын кызыкчылыгын жана укугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын.
2. 2.Айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнө:
- укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесине ылайык квартал сайын балдардын кызыкчылыгын жана укугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат айылдык кеңеште каралып турсун.
3. Жоопту катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй- Бишкеке Юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.

Төрага Т.К. Кулжанов