ТОКТОМ № 82

ТОКТОМ № 82


13.06.2022-ж. Беловодск а.


Авариялык абалда турган көчөлөр боюнча суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн суу түтүктөрүн пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Авариялык абалда турган көчөлөр боюнча суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн суу түтүктөрүн пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Авариялык абалда турган көчөлөр боюнча суу түтүктөрүн алмаштырууга мурда сатып алынган суу түтүктөрүн пайдаланууга макулдук берилсин: Комсомольская – 235м, Бокомбаева – 364м, Бокомбаева ч/к – 116м, Молодежная – 210м.
2. Скважинаны ишке киргизүү боюнча оңдоо иштерине, Кош-Дөбө айылынын Школьная көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки – 110м суу түтүк тармагына кошулуусуна макулдук берилсин.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
4. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова