ТОКТОМ № 47

ТОКТОМ № 47


17.12.2021-ж. Беловодск а.


Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз
пайдаланууга бекитүү жөнүндө

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчсы Б. Алыбековдун Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жер Кодексинин 25-бер. 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 7-бер. ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик болуп төмөнкү жер тилкелери бекитилсин:
1) Беловодск а. Ленин көч. н/ж, №120 г өнөр жай участоктун батыш тарабынан – 20 000.00ч.м. аянты менен;
2) Беловодск а. Ломоносов көч. н/ж, жекшемби базардын түндүк тарабынан – 3205.00 ч.м. аянты менен;
3) Беловодск а. Фрунзе көч. н/ж, Фрунзе көч. № 52 түндүк тарабынан – 519.00 ч.м. аянты менен;
4) Беловодск а. Ленин көч. н/ж, Ломоносов көч. кесилишинде – 94.00 ч.м. аянты менен;
5) Беловодск а. Ленин көч. н/ж, Ленин көч. № 130/3 түндүк тарабында – 370.00 ч.м. аянты менен;

2. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова