ТОКТОМ № 33

ТОКТОМ № 33


19.11.2021-ж. Беловодск а.

« Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын
ставкасын бекитүү жөнүндө»

Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын 16.11.2021-ж. корутундусунун негизинде, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер, ишкердик иш-аракеттерге арналган курулуштардын ээлери үчүн таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы 100,00 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.



Төрайым А. Иманкулова