ТОКТОМ № 32

ТОКТОМ № 32


19.11.2021-ж. Беловодск а.

« “Таза айыл” МИсына борбордук паркты чарба жүргүзүү
укугунда бекитүү жөнүндө»

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Беловодск а. Ленин көч. н/ж дарегинде жайгашкан борбордук паркты чарба жүргүзүү укугунда “Таза айыл” муниципалдык ишканасына бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонүндө” Мыйзамынын 31-бер. 5-п. жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”Мыйзамынын 16-бер. ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск а. Ленин көч. н/ж дарегинде жайгашкан борбордук паркты ажыратуу укугусуз чарба жүргүзүү укугунда “Таза айыл” муниципалдык ишканасына бекитилсин
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.



Төрайым А. Иманкулова