ТОКТОМ № 19

ТОКТОМ № 19


01.10.2021-ж. Беловодск а.


Беловодск айылдык аймаында ТКК ташып чыгууга
тарифтерди бекитүү жөнүндө

Беловодск айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, Кырыгз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдун № 101 31-бер., 14-п. жетекчиликке алып Мыйзамынын Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл аймагы боюнча катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууга тарифтер бекитилсин жана 01.01.2022-жылдан баштап ишке киргизилсин: көп батирлүү турак үйлөрдүн жана жеке турак жай секторунун жашоочуларына – бир адам үчүн 30 (отуз) сом суммасында.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова