ТОКТОМ № 13

ТОКТОМ № 13


30.07.2021-ж. Беловодск а.


Беловодск айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын Б.Ж. Алыбековдун Беловодск айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жер Кодексинин 25-бер. 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 7-бер. ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнүн мөөнөтсүз пайдаланууга Беловодск а. Урожайная көч. н/ж, БЛМ №3 котельнаянын түндүк тарабынан – 1028.00ч.м. аянты менен жер тилкеси бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.

Төрайым А. Иманкулова