ТОКТОМ № 11

ТОКТОМ № 11


30.07.2021-ж. Беловодск а.


Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

Турапина Любовь Анатольевна жарандын 15.07.2021-ж. Беловодск а. Фрунзе көч. № 101 дарегинде жайгашкан калктуу конуштардын жерлериндеги короо-жай участогунан азык-түлүк дүкөнүн куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген материалдарын (архитектуралык корутундусун, кошуналардын макулдугу, комиссиянын акт-корутундусу) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск а. Фрунзе көч. № 101 дарегинде жайгашкан 96,00 ч.м. аянтындагы калктуу конуштардын жерлериндеги короо-жай участогунан азык-түлүк дүкөнүн куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.



Төрайым А. Иманкулова