ТОКТОМ № 89

ТОКТОМ № 89

13.06.2022-ж. Беловодск а.



Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековдун Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-бер. 2-п., "Муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бер. ылайык Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, райондук прокурорунун орун басары Ш. Муратбековдун 30-апрелдин 2022-ж. мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө көрсөтмөсүнө жана Москва райондук сотунун 4-ноябрдан 2021-жылдагы сырттан чыгарган чечиминин бузулушун жоюу жөнүндө көрсөтмөсүнө ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнө аянты 800,00 ч.м. болгон Пионерская № 35 дарегинде жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова