ТОКТОМ № 87

ТОКТОМ № 87


13.06.2022-ж. Беловодск а.



Муниципалдык менчикте турган
жер тилкелерин сатууга макулдук берүү жөнүндө

Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик жана ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын 11.05.2022-жылдагы протоколун угуп жана талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 11-пунктуна ылайык Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Төмөнкү жер тилкелерин сатууга макулдук берүү,
- Беловодск а. Ленина көч. №99 аянты 2021,00 ч.м., көп батирлүү турак үй курууга.
- Беловодск а. Ленина №120 Г көч., аянты 4,0 га өнөр жай багытындагы.
1. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
2. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова