ТОКТОМ № 84

ТОКТОМ № 84


13.06.2022-ж. Беловодск а.


Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

Самудинов Таалайбек Садатбекович жарандын 20.04.2022-ж. Беловодск а. Ленина № 44 дарегинде жайгашкан короо участкасынан ашкана жана спорттук комплекс коомдук куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген материалдарын (№ 30-2022 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск а. Ленина № 44 дарегинде жайгашкан 700,00 ч.м. аянтындагы короо участкасынан ашкана жана спорттук комплекс коомдук курууга жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.

Төрайым А. Иманкулова