ТОКТОМ № 81

ТОКТОМ № 81


13.06.2022-ж. Беловодск а.



Беловодск а/к 23.09.2013-ж. № 51А “«Тан нуру» имаратын
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жана «Тан нуру» имаратын Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына
кабыл алуу жөнүндө

Беловодск айылдык кеңешинин 23.09.2013-ж. № 51А “«Тан нуру» имаратын Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жана «Тан нуру» имаратын Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө суроосун угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылдык кеңешинин 23.09.2013-ж. № 51А “«Тан нуру» имаратын Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгарылсын.
2. «Тан нуру» имараты Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
4. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.

Төрайым А. Иманкулова