ТОКТОМ № 91

ТОКТОМ № 91

2022-ж.10.08. Беловодское а.

«2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы
боюнча бюджеттин киреше жана
чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө »

Бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүүгү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы, -

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгү салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча көбөйтүлсүн:
- Салык агентти тарабынан төлөнгөн киреше салыгынын планы 3600,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
- ыктыярдуу патенттин негизинде салыгынын планы 650,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
- милдеттүү патенттин негизинде салык планы 816,7 миң сомго азайтылсын;
- айыл чарба жерлеринин жер салыгы боюнча планы 500,0 миң сомго азайтылсын;
2. 2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгү 2933,3 миң сомго көбөйтүлсүн, “Таза айыл” Муниципалдык ишканасынын 22154900 статьясынан “КИК” 70624 бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбеков Б.Ж.жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова