ТОКТОМ № 60

ТОКТОМ № 60

20.01.2022-ж. Беловодское а.



«Беловодск айыл өкмөтүнө сейил бак ичинде
чакан соода павильондорун уюштурууга
жер тилкелерин берүүгө макулдук берүү жөнүндө»


Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын сейил бакта чакан соода павильондорун уюштурууга жер тилкелерин берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик жана ижара укугун берүү боюнча комиссиянын жыйынынын 17.01.2022-жылдагы №8 протоколун карап чыгып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Сейил бакта чакан соода павильондорун уюштуруу үчүн жер тилкелерин (эскиздик долбоорго ылайык) тооруктарды өткөрүү ыкмасы менен берүүгө Беловодск айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Ушул жер тилкелеринин баштапкы жылдык ижара ставкасы баалансын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
4. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.



Төрайым А. Иманкулова