ТОКТОМ № 59


ТОКТОМ № 59

20.01.2022-ж. Беловодское а.

«Беловодск айыл өкмөтүнө сейил бактын
чыгыш тарабында унаа токтотуучу жайды
уюштуруу үчүн жер тилкесин ижарага берүүгө
макулдук берүү жөнүндө»


Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын сейил бактын чыгыш тарабынан унаа токтотуучу жайды уюштурууга жер тилкесин берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин менчик жана ижара укугун берүү боюнча комиссиянын жыйынынын 17.01.2022-жылдагы № 8 протоколун карап чыгып, Беловодск айыл кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнө сейил бактын чыгыш тарабынан (эскиздик долбоорго ылайык) тооруктарды өткөрүү ыкмасы менен унаа токтотуучу жайды уюштурууга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү.
2. Ушул жер тилкесин баштапкы жылдык ижара ставкасы баалансын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
4. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.



Төрайым А. Иманкулова