Токтом № 162

Токтом № 162

25.01.2021-ж. Беловодское а.


“Жер участогунун максаттык
багытын өзгөртүү жөнүндө”


Давлеталиев Байтиктин 30.11.2020-жылдын арызын угуп жана талкуулап жана Беловодское а. Колхозная көч. № 5к дарегинде жайгашкан жер участогунун короо-жай бала бакчанын эки имаратын, эскерүү эстелик, даарыкана куруу үчүн максаттык багытын өзгөртүү боюнча арызга тиркелген материалдарды (эскиздик проект, жана комиссиянын корутунду актысы) окуп чыгып

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчиликке алып айылдык кеңеш -

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодское а. Колхозная көч. № 5к дарегинде жайгашкан жалпы аянттагы 9000.00 ч.м. жер участогун короо-жай участогунан 8000.00 ч.м. аянты бала бакчанын эки имаратын, 100.00 ч.м. аянты эскерүү эстелик жана даарыкана куруу үчүн максаттык багыты өзгөртүлсүн.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж. Ешалиевге жүктөлсүн.


Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.