Токтом № 157

Токтом № 157

25.01.2021-ж. Беловодское а.

“Беловодский айыл өкмөтүнүн
аймагында жайгашкан жеке
жана юридикалык уюмдардан катуу
тиричилик калдыктарын (таштандыларды)
ташып чыгаруу жана утилизациялоо үчүн
төлөмдү бекитүү жөнүндө”

«Таза Айыл» муниципалдык ишканасынын мүдүрүнүн “Беловодский айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык уюмдардан катуу тиричилик калдыктарын (таштандыларды) ташып чыгаруу жана утилизациялоо үчүн төлөмдү бекитүү жөнүндө” катын угуп жана карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-бер. 4-п. жетекчиликке алып Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы, ,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айылдык аймагында жайгашкан көп батирлүү үйлөрдө, жеке үй ээлеринде жашаган калк конушу жана менчиктин формасына карабастан юридикалык, коммерциялык жактар катуу тиричилик калдыктарын (таштандыларды) ташып чыгаруу жана утилизациялоо үчүн милдеттүү түрдө төлөнүүгө тийиш.
2. Калктуу конуштарга жана юридикалык жаткарга ММК (“Сельская новь” гезити, айыл өкмөттүн Вебсайты) аркылуу ушул токтомду маалымат катары жеткирилсин.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн «Таза Айыл» муниципалдык ишканасынын мүдүрүнүн К. А. Стакеевге жүктөлсүн.
Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.