Токтом № 130

Токтом № 130

17.09.2020-ж. Беловодское а.

“Жер участогунун багытын
өзгөртүү жөнүндө”

Абдыразаков Азат Докдурбекович жар. 2020 жылдын 19.03. арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген Беловодское а. Фрунзе көч. 104 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун багытын жеке участоктон коммерциялык багыттагы жерлерге өзгөртүү боюнча материалдарды (аэскиз проекти, кошуналардын макулдугу жана комиссиянын акт-корутундусу) окуп

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. Жетекчиликке алып айылдык кеңеш-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодское а. Фрунзе көч.№ 104 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 1203.00 кв. м. түзгөн жер участогунунун багыты жеке участоктон дүкөн куруу үчүн коммерциялык конуштун жерлерине өзгөртүлсүн.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж. Ешалиевге жүктөлсүн.




Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.