Токтом № 103

Токтом № 103

2019 жылдын 05 ноябры Беловодское а.

«Өзүнчө турган мамлекеттик
ыйгарым укуктарды жергиликтүү
өз алдынча органдары тапшыруу
келишимин бекитүү жөнүндө»

Өзүнчө турган мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча органдары тапшыруу келишимин бекитүү жөнүндө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Өзүнчө турган мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча органдары тапшыруу келишими бекитилсин.

2. Жооптуу катчы бул токтомду каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж. Ешалиевге жүктөлсүн.

Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.