Токтом № 76

Токтом № 76

2019 жылдын 22 январы Беловодское а.

“Бузуулар жөнүндө
иштерди карап чыгуу боюнча
жобонун жана комиссиянын
курамын бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этника аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенствосунун 2018 жылынын 17 октябрындагы “Бузуулар жөнүндө иштерди карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиялары жөнүндө Типтик жобосун бекитүү жөнүндө” №01-18/126 буйругунун негизинде:
1. №1 тиркемеге ылайык Беловодский айыл аймагынын комиссиясынын бузуулар жөнүндө иштерди карап чыгуу боюнча жобосу бекитилсин.
2. №2 тиркемеге ылайык бузуулар жөнүндө иштерди карап чыгуу боюнча комиссиясынын курамы бекитилсин.
3. Ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин аймактык бөлүгүнө массалык маалымат каражаттарына официалдуу жарыялангандан кийин бул токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду аткарууну көзөмөлдөөнү өзүмдүн карамагымда калтырам.




Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.