2018 жыл 02 март № 50

2018 жыл 02 март № 50


«Беловодский айылдык аймагында 2018 жылга объекттерди куру жана оңдоо иштери боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө»

Беловодский айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясы алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу планынын 2017-2021 ж.ж. эффективдүүлүгү жана жергиликтүү экономикалык өнүгүү боюнча башкы адиси К.Б. Садыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-


ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодский айылдык аймагынын 2018 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.

2. Жооптуу катчы токтомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик укуктук ченемдик актыларынын реестрине каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.


3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.


Беловодский айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т. Конушбаев