№171 ТОКТОМ “Айыл чарба жерлерин колдонууга жер салыгынын базалык ченин бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасы
Чүй облусу Москва району
Беловодск айыл кеңешинин XXVI чогулушу


№171 ТОКТОМ

22.07.2015 ж. Беловодское а.

“Айыл чарба жерлерин колдонууга
жер салыгынын базалык ченин бекитүү
жөнүндө”

МСКБ нын Москва району боюнча 18.03.2015 жылындагы № 010/15/05/1568 “Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” катын жана 20.04. 2015 жылындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, ишкерлик иш-аракет жана ички экономикалык байланыштар боюнча депутаттык комиссиянын отурумун угуп жана талкуулап Беловодское айылдык кеңештин сессиясы:

Токтом кылды:

1. Айыл чарба жерлерин колдонгондугу үчүн жер салыгынын чечими 2014 жылдын деңгээлинде калсын.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.

3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодское айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.


Беловодское айылдык кеңештин
төрагасы: О. Чекирбаев