Исаев Камчыбек Нургазыевич жарандын 2023-жылдын 17-мартындагы Беловодск айылынын Кирова №245/1 дарегинде жайгашкан жер тилкесин дүкөн куруу үчүн жер тилкесине максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№18 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылынын Кирова №245/1 дарегинде жайгашкан 138,0 ч.м. аянтындагы жер тилкесин дүкөн куруу үчүн жер тилкесине максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге милдеттендирилсин.
3. К.Н.Исаев жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Москва райондук филиалында каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевга жүктѳлсүн.
Төрага Т.К. Кулжанов