Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
14 июл 2014

токтом №63,65,68

№ 63 ТОКТОМ

“Айыл чарба эмес багытындагы жана калкконуш жерлерин пайдалануу үчүн, ошондой эле Беловодск а.жана Кош-Дөбө а. боюнча 2013-жылга короо-жай
участкаларынын жерлери үчүн чөлкөмдүк коэффицентин бекитүү жөнүндө”

КР салык кодексинин 339 беренесинин 4п. ылайык, К-3 чөлкөмдүк коэффициенти калконуштар үчүн экономика-мерчемдик зонасынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу бир жылда бирден көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө жергиликтүү кеңештер менен белгиленет, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:

Токтом кылды:

1. Айыл чарба эмес багытындагы жана калкконуш жерлерин пайдалануу үчүн Беловодск а. боюнча – 1.2, Кош-Дөбө а. – 1.0 К-3 чөлкөмдүк коэффициенти бекитилсин.
2. Короо-жай жана багбанчылык-огород участкаларынын жерлери үчүн Беловодск а. боюнча – 1.0, Кош-Дөбө а. – 1.0 К-3 чөлкөмдүк коэффиценти бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ж. Алыбековга жана Беловодск айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Е.Г. Франкка жүктөлсүн.



Беловодск айыл округунун
кеңешинин төрагасы О. Чекирбаев


23.10. 2013-ж.
№ 65 ТОКТОМ

“Беловодск айыл өкмөтүнүн жерлеринеижара акысынын коэффициентин
көбөйтүү жөнүндө”

Жер комиссиянын төрагасы С.М.Рагимовдун айыл өкмөтүндөгү жерлерди пайдалуу шарттарда ижарага берүү максатында б.а. ижара акысын 2 эсе (коэффициент 3) көтөрүү жолу менен ижарага берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Беловодск айыл кеңешинин сессиясы:

Токтом кылды:

1.Беловодск айыл өкмөтүнүн, №300 контурдагы – 26 га жана №514 контурдагы – 38 га кайрак жерлеринен башка, жерлерине ижара акысы эки эсе (коэффициент 3) көбөйтүлсүн.


Беловодск айыл округунун
кеңешинин төрагасы О. Чекирбаев



23.10. 2013-ж.
№ 68 ТОКТОМ

“Беловодск айыл округунун аймагындажер салыгын жана мүлккө болгон салыгын
киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 31 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке ашыруу жөнүндө” 2008-жылдын 17-октябрындагы Мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнүн негизинде, Беловодск айыл кеңешинин сессиясы:

Токтом кылды:

1.Беловодск айыл округунун аймагында 2014-жылдын 01-январынан баштап кийинки салыктар ишке ашырылсын:
- мүлккө болгон салык;
- жер салык.
2.Бул токтомдун 1 п. көрсөтүлгөн салыктардын тескөө-башкаруусу Кыргыз Республиканын Салык кодексине ылайык аткарылат.
3.Бул токтомду каттап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине Мамлекеттик ченемдик актылардын реестрине киргизүүгө жиберилсин.
4.Токтом жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары Б.Ж. Кононовго жүктөлсүн.


Беловодск айыл округунун
кеңешинин төрагасы О. Чекирбаев

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px