Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
27 ноя 2019

КАЙРЫЛУУ

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын курамы 2018-жылда 2 жылга түзүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде аймактык шайлоо комиссиялардын курамдары беш жылга түзүлөт.
Азыркы учурда, көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны жок болууда.
Ушуга байланыштуу, БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.
Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүсү тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.


Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр УШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2019-жылдын 13-декабрынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2019-жылдын 13-декабрынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор, аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.

Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16
Үлгүлөр: Арыз , СП Протоколу , Жыйын Протоколу
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px