..

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстанда спортчуларга стипендия берүүгө 12 миллион сом каралды.

Маалым болгондой, мамлекет тарабынан каражат алуу боюнча тизмеде 256 спортчу бар. 45 миң сом көлөмүндөгү эң чоң стипендияны 7 спортчу алат.

1-январдан тартып 30 июнга чейин жогорку, I, II, III, IV, V жана VI даражадагы 256 спортчу мамлекеттик стипендия алат.

Алардын арасында балбандар Эламан Доктурбек уулу, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков жана Айсулуу Тыныбекова, пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев менен Жыргалбек Оросбаев, дзоюдочулар Каналбек уулу Илгиз жана оор атлетчи Иззат Артыков бар.

Риодогу Олимпиада оюндарындагы калыстар тобунун чечимине карабай Азиянын чемпиону Иззат Артыковго да комиссиянын чечими боюнча айына 45 миң сом стипендия төлөнөт.

Риодогу Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген Арсен Эралиев жана Айсулуу Тыныбековага да жобо боюнча 25 миң сом өлчөмүндө стипендия төлөнмөк. Бирок аталган дирекциянын өтүнүчү менен аларга 45 миң сомдон төлөнмөй болду.

Булак:Каганат