Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
30 ноя 2013

..

Юсуп Категория: ---
Түркиядагы мекендештерибиз "Кыргызстандагы чет элдик жарандардын имараттарга ээлик кылууга жана жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага алууга укуктуу" кылган токтомго каршы Кайрылуу жасашты (текст)

30.11.13 | Категория: События дня, Лента новостей, Политика, Общество

Түркиянын ар кайсы шаарларында билим алып жатышкан жана иштеп жүрүшкөн мекендештерибиз Кыргыз Өкмөтүнүн, анын атынан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин 2013-жылдын 11-ноябрында колу коюлган "Кыргызстандагы чет элдик жарандарга имараттарды менчикке чыгарууга жана жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага алууга укуктуу" кылган токтомду өзгөчө жаштардын шагын сындырган кыянаттык катары санашып, ага карата кескин каршы пикирин билдирүү менен биргеликте жогорку бийлик бутактарына жана жалпы коомчулукка Кайрылуу жасашты.

Кайрылуунун тексти:



Кыргыз элине,

Кыргыз жаштарына,

Кыргыз Республикасынын президенти А. Атамбаевге,

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Сатыбалдиевке,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго

Туркияда окуп жана иштеп жаткан

Кыргыз Республикасынын атуулдарынын атынан

Кайрылуу!

Жалпыга маалым болгондой премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылдын 11-ноябрында кол койгон өкмөт токтомуна ылайык, чет элдик жарандар имараттарды менчикке чыгарууга жана жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага алууга укуктуу болду. Чет өлкөдө билим алып жана иштеп жаткан Кыргызстандын атуулдары катары бул токтомго каршыбыз. Анткени:

Эгемендүүлүк алгандан берки 20 жылдан бери жерибиз чекесинен сатылып, элибиздин байлыгы тонолуп, бул тоноонун аягы чыкпай келүүдө. Ушундай ыкма менен Аскар Акаев бийлигинде Үзөңгү-Кууш сатылды. Каркыранын казактарга берилиши менен үй-бүлөлүк башкарууга нааразы болгон эл, бийлийкке каршы чыкты. Атылган окко да карабай элибиздин келечеги үчүн жанын берген 90дон ашуун эр азаматыбызды эстен чыгардыкпы?

Жердин таңкыстыгынан улам социалдык көйгөйлөр бышып жетилди, каргашалуу Ош-Жалал-Абад окуясы болуп өттү. “Кыргызстанды бөлүп алам!” деген ал окуянын негизги күнөөлүүлөрү азыркы учурда кайда?

Акаев, Бакиев бийлигинде үй-бүлөлүк жана кландык башкарууда жашап келдик. Парламенттик башкарууга өткөндөн бери Кыргызстан бир партиянын (КСДП) жеке менчигине айланганбы? Эки төңкөрүш алардын бийликти биротоло менчиктеп алуусу үчүн жана калган жерди сатуусу үчүн жасалганбы? Жалпы кыргыз элибиздин кен байлыктары улуттун кызыкчылыктарына багытталбаганы анык. Чет элдик компаниялардын жана бийлик башында олтурган бир ууч жем корлордун кызыкчылыктары ата-бабабыздын мурасынан жана жаштарыбыздын, балдарыбыздын келечегинен өйдө турабы? Азыркы учурда көбүнчө кыргыз жаштарынын тагдыры: же өз мекенинде жер тилкеси алуу үчүн чет өлкөдө башкаларга жаман-жакшы көрүнүп жалданып иштеп жүрөт, же Кыргызстанда калып иштейт, айлыгынын аздыгынан жылдап жер сатып ала албай жүрүшөт.

Коррупцияга карабай “Мекенди сүйүү -кызмат менен өлчөлөт” принциби менен Түркияда билим жана тажрыйба алып, Кыргызстанга кайтууну көздөгөн атуулдарыбыз көп. Мамлекеттик сектордогу коррупцияга аралашкысы келбеген атуулдарыбыз багытын жеке секторго бурууда. Бирок, жаңы бутка турганга аракет кылып жаткан бул жаштар Кыргызстанда жер, имарат алууга күчү жеткен чет элдик бизнесмендер менен жарыша алабы? Бул токтом, өзгөчө жаштардын шагын сындырган кыянат токтом. Өкмөттүн милдети - чет өлкөлүктөрдүн эмес, кыргыз жаштарынын өз өлкөсүндө өнүгүүсүнө, иш куруусуна женилдик түзүү. Өкмөттүн милдети - өлкөгө чет элдик инвестор тартуудан мурун өлкөдөн өз жаранын качырбоо.

Бизге эң эле жакын Казакстан дүйнөдө чачырап жашаган атуулдарын мекенине жайгаштырууда. Бизде Афганистан жана Туркиядагы кыргыздарды алып келүү мындай турсун, журтубуз чет элдиктерге берилип жатат, жакшы кадрлар бааланбаган "мээ көчү" тынбай жүрүп жатат. Жаман үйдү коногу бийлейт!

Байыркы заманда Кытай гунндардын өлкөсүн жок кылуу үчүн согушка себеп издейт…

Кытайлыктар Гунн ханы Метеге элчи жиберип, анын жакшы көргөн атын сурайт. Байыркы түрктөрдө мындай маселелер Курултайда чечилген. Курултай душман менен согушуу өкүмүн чыгарат. Бирок, Мете Хан: “Алар сураган ат мага гана тийиштүү. Мага тийиштүү мал үчүн элимди согуштурбайм. Мекен үчүн атым курман!”- дейт. Ат кытайлык элчиге берилет да, жолго салынат.

Метенин бул мамилесине душмандын ичтейи ачылат. Элчи жиберип, Мете Хан баалаган аялды талап кылышат. Кайрадан Курултай чогулат. Курултайда душманга аялды бербөө чечими алынат. Мете Хан: “Бул аял менин кымбатым. Бирок, өз кызыкчылыгым үчүн согушуу – улутумдун тагдыры менен ойноо. Аны да улутум үчүн колдон чыгарайын!” – дейт.

Кытайлыктар үчүнчү сапар элчи жөнөтүп, эки өлкө ортосунда бир жер аянтын сурашат. Курултай мүчөлөрү: “Берекесиз топурактан эмне пайда? Берели” – дейт. Анда Мете тура калып: “Көптү көргөн аксакалдар! Буга чейин душман сурагандын ээси мен элем. Талап кылынган жердин ээси болсо - улут. Ал аянт – мекенибиздин бир бөлүгү. Айткылачы, кимдин малын кимге бергени жатабыз? Элим согушка даярдансын!” – деп буйрук берет.

Мете чогулган ордосуна: “Мекен үчүн жан берүүгө даяр баатырларым! Душмандын талабына ок, кылыч, калкан менен жооп беребиз! Кытайды көздөй алга!” – деп ураан салган. Өлкөсүнө көз арткан душманды ошентип жеңген.

Жалпы кыргыз элибиз, Туркияда окуп жана иштеп жаткан атуулдардын ушул Кайрылуусун терең түшүнүү менен кабылдоосуна, бул Кайрылууну колдоосуна терең ишенебиз.

Кайрылуу 2013-жылдын 23-24-ноябрь күндөрү Анкара жана Стамбул шаарларында болуп өткөн мекендештер менен жолугушуу жыйынында кабыл алынды.

http://inter.kg

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px